Menu

Айзуура Иманалиева: “Атамдын туулган күнүндө белегибизди өзүн кучактап бергендин ордуна, ыйлап барып бейитине гүл койдук…”

Бөлүшүү:
Бүгүн, 17-январда ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүү болгондо 43 жашка толмок.
Төкмө акындан кызы Айзуура Иманалиева Instagram социалдык тармагындагы баракчасына атасынын туулган күнүндө ага белек берүүнүн ордуна, бейитине барып гүл коюп келгендерин жазды.
“Мындан туура бир жыл мурун, атамдын туулган күнүнө карата жолуктук… Атам көп учурда жолугушуулары болуп, шашып турар эле. Бирок, акыркы жолугушууларыбызда тескерисинче жаныбыздан кеткиси келбей, узакка кобурашып отуруп калчу болдук. Ал күндөн көп өтпөй жаныбыздан таппай калдык. Бүгүн болсо белегибизди өзүн кучактап бергендин ордуна, ыйлап барып топуракка гүл койдук…
Жаткан жериңиз жайлуу болсун, атаке! Сиздин нурдуу жүзүңүз биздин жүрөктөрдө түбөлүккө жашайт!”, – деп жазды Айзуура Иманалиева.
Акын Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: