Menu

Апрель баатырлары АШАга каршы митингге чыгабы?

Бөлүшүү:

2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун жакындары жана окуядан жабыр тарткандар 16-апрелде маалымат жыйын өткөруп экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүлөрүн катуу сынга алды. Алар Апрель окуясындагы элдин үмүтүн Атамбаев уурдап кеткенин, жабыр тарткандарга бирдей көңүл бурулбаганын, экс-президентти жактагандар гана жыргап жашаганын бир ооздон айтып чыгышты. “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин тең төрайымы Гулмира Абдылдаева жана “Айкөл таза коомунун” Талас облусундагы өкүлү Токтобек Аширов сыяктуу баатырлар Атамбаевдин митинг уюштуруу демилгесин катуу сынга алды. “Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 7-апрелде эл алдына чыгып, “2 айдан кийин митинг өткөрөбүз” деп айтты. Ал ким үчүн митинг өткөрөт? Бийликте туруп эмнени кыйратты? Мамлекетти карызга батырганына нааразыбы? Мындай чагымчылыкты тез арада токтотсун. Эгер алар митинг өткөрөбүз деп чыга турган болсо, биз дагы карап турбай аларга каршы митингге чыгабыз”, – деди ал. “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин Нарын облусундагы координатору Бакыт Рахманов болсо, учурунда Атамбаев таптакыр көмөк көрсөтпөгөнүн айтып, саламаттыгы начарлап жатканын, “Баатыр” наамын алгандарын кайрадан тешкерүү талабын койду, “Атамбаевдин жанында жүргөндөрдүн көпчүлүгү жасалма баатырлар. Алардын документтерин текшерип чыгуу керек”, – дейт ал.

Кыскасы чыныгы Апрель баатырлары АШАга катуу нааразы болуп жатат. Алар Мискенбаевге окшогон жасалма баатырларды жакында ордуна коет өңдөнөт. Күтө туралы. АШАнын айланасынан далай “самопал” баатырлар чыкканы калды.

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: