Menu

Шыкактагандар Кадыр Атамбаевди да аңга түртүп тынбайбы?

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаевдин 26 жаштагы уулу Кадырбек Атамбаев кечээ жакында саясатка аттанганын шардана кылды. Ал өз ою менен эмес, кимдир бирөөлөрдүн шыкагы менен ушундай билдирүү айтканы билинип турду. Биринчиден Кадыр Атамбаев саясатка аттанганда эмне өзгөрөт? Ал жаш болсо, тажрыйба жок болсо, анын үстүнө атасы бир канча оор беренелер менен айыпталып камакта жатса анан кантип ал саясатта салмактуу саясатчыга айланып, кандай багытта иш алып барат? Деги эле, Кадыр Атамбаевдин саясатка келүүсү кимге пайда, кимге упай алып келет? Бул жаш балакай кимдир бирөөлөрдүн акылы менен саясатка аттандым деп айтканы калпыстык. Анын саясатка аттануусу менен саясаттын көркүнө көрк кошуп, ал жок болсо саясаттын тузу кем болуп калбайт да.

Экинчиден Алмазбек Атамбаевди дагы жанындагылар шыкактап «сиз кыйынсыз, баары сизден коркот, сиз менен биз чогуубуз» деп шыкактап жүргөндөр орго тыгып тынышты. Кана ошол шыкакчылардын бири УКМКнын имаратында Атамбаевдин иши каралып атканда басып барыштыбы? Кана ошол шыкакчылар азыр колдоп атышабы? Ушул сыяктуу эле Кадыр Атамбаевди дагы шыкактап атып аңга тыга турган өңдөнүп калышты.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: