Menu

Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев КМШга мүчө-мамлекеттердин катчыларынын кеңешинин видеоконференция форматындагы жолугушуусуна катышты

Бөлүшүү:

КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев бүгүн, 18-ноябрда, КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларынын видеоконференция форматында өткөн сегизинчи жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Рыскелди Мусаев КМШ мейкиндигине жаңы биологиялык коркунучтарга каршы аракеттенүү жөнүндөгү баяндамасында коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүүдөгү тажрыйбадан улам Кыргызстанда пандемия менен күрөшүү боюнча аткарылган иш-чаралар тууралуу катышуучуларга маалымат берди.

Кыргызстан тарабынан пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн Шериктештиктин бардык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу зарылдыгына басым жасалып, ошондой эле соода-экономикалык чөйрөдө кызматташууну күчөтүүгө маани берүү, анын ичинде санариптик экономиканы өнүктүрүү, ири экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, транспорттук-логистикалык инфратүзүмдүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү жана аны андан ары өнүктүрүү,  айрыкча калктын аялуу катмарын коргоо үчүн каржы жана акча-н асыялык чараларды иштеп чыгуу керектиги белгиленди.

Мындан сырткары, жолугушууда маалымат чөйрөсүндөгү чакырыктар менен  коркунучтарга каршы туруу, жасалма интеллект жана анын улуттук коопсуздукту камсыздоодогу мааниси, Афганстандагы кырдаал жана анын Борбордук Азиянын коопсуздугуна тийгизген таасири, чет мамлекеттердин КМШ мейкиндигиндеги деструктивдүү таасиринин жолдорунун жана ыкмаларынын өзгөрүүсү тууралуу маселелер талкууланды.

Видеоконференция форматында өткөн жолугушууга Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Молдованын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы жана ЖККУ Башкы катчысы катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: