Menu

Ирак күчтөрү Мосулдагы телеканал имаратын ээледи

Бөлүшүү:

Ирак өкмөтүнүн атайын күчтөрү Мосулдун чыгышындагы Гогжали конушуна кирип, аймактагы жалгыз телестанциянын имаратын көзөмөлгө алды. Бул тууралуу армиянын генералы Сами ал-Ариди билдирди.

Бул конуш Мосулдун Карама районунан 800 метр гана алыстыкта. Ирак күчтөрү акыркы эки жылда биринчи жолу Мосулга мынчалык жакын келишүүдө.

Генералдын айтымында, Ирак күчтөрү Карама районундагы ИМ террордук тобунун тосмолорунан өтүүгө аракет кылган. Бирок катуу атышуулар буга тоскоол болгон.

Мосулду “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан бошотуу операциясы эки апта мурда башталган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: