Menu

Жалал-Абад шаарында жана Ноокенде орун алган өрт кырсыктары тууралуу милициянын билдирүүсү

Бөлүшүү:

20-августунан 21-августуна караган түнү Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өрт кырсыгы чыккандыгы турасында кабар келип түшүп, 21-август күнү саат 04:15де толук өчүрүлгөн. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, алдын ала өлчөм боюнча өрттөнгөн жердин аянты 3600 кв/м түзүп, беш катар жайгашкан, жалпысынан 174 соода орундары өрттөнгөнү такталган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факт Жалал-Абад ШИИБне “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” болуп катталып, ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 261-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө аракетин жүргүзүүдө, борбордук базардын кароолчулары 2019-жылдын 20-августунан 21-августуна караган түнү саат 00:30 чамасында, Жалал-Абад шаардык борбордук базарынын бут кийим сатуучу имаратынан кийинки катардагы “Сидра”, “Сардар” жана “Роза” атындагы ашканалардан өрт чыкканын байкашып, өрт өчүрүү кызматына кабар беришкенин көрсөтүшкөн.

Өрт болгон жерге карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик соттук эксперттик кызматына өрттүк-техникалык экспертиза дайындалды. Ошондой эле Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан жабыр тарткан адамдардын санын жана келтирген зыянды тактоо үчүн комиссия түзүлүп иштей баштады.

Азыркы учурда жабыр тарткан адамдардын айтымына карап болжолдуу материалдык зыян 44 миллион 992 миң 820 сомду түзүүдө. Алдын ала алынган маалыматтын негизинде аталган өрт кырсыгы, электр тогунан пайда болгон кыска чагылуусунан (замыкание) келип чыккан. Ошондой эле бүгүн, 23-август күнү саат 03:00 чамасында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмчөсүнө “Кочкор-Ата шаарындагы базарда өрт болуп жатат” деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө Кочкор-Ата шаарындагы Бишкек-Ош автожолунун боюнда жайгашкан борбордук базарынын түндүк тарабындагы четинде, катарынан салынган дүкөнчөлөрдүн ичинен 3 даана дүкөнчө өрттөнүп кеткендиги, бул дүкөнчөлөрдө негизинен азык-түлүк товарлары бар экендиги, дүкөндөрдүн үстүндөгү жабылган чатырлары (шиферлери) жана ичиндеги товарлары толугу менен күйүп, дүкөндүн дубалдары кирпичтен болгондуктан дубалдары гана калган. Жалпы болжолдуу материалдык зыян 1 миллион 500 миң сомду түзгөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча Ноокен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 261-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Өрт болгон жерге карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө каташтуу мамлекеттик соттук эксперттик кызматына, өрттүк-техникалык эспертиза дайындалган.

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы өрт кырсыгы алдын ала алынган маалыматтын негизинде электр тогунан пайда болгон кыска чагылуусунан (замыкание) келип чыккандыгы такталган. Кошумча маалымат соттук өрт техникалык экспертизанын корутундусу чыгаары менен берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: