Menu

Жаңы кирешелүү кесип – SMM кызматы

Бөлүшүү:

Акыркы учурдагы ааламдашуу дорунда жаңы кесиптер күн санап пайда болуп жатат. Кулагыңыз «SММ кызматы» же болбосо «SММ кызматкери» талап кылынат деген кепти укса керек. Эл арасында «SММ кызматкери» дегенди бири түшүнсө, экинчиси ал эмне деген суроо узатып келишет. Дүйнөнү каптап келе жакан чоң куралдардын бири – «SММ» болуп саналат. Мындан улам «SММ» эмне деген суроо туулат?

«SММ» (Sосіаl Мedіа Мarkеtіng) – дүйнөлүк желедеги маркетинг. Бул социалдык тармактагы жумушту маркетинг аркылуу жүргүзүү тартиби. Жөнөкей тил менен айтканда медиа тармагындагы соода-сатыктын түрү.

«SММ» – бул сайттардагы, социалдык желелердеги блогерлердин жана форумда талкууланган, эң ыңгайлуу жумуш түрүн сунуштаган жер.

SММ кызматкеринин негизги аткара турган жумушу – колдонуучулардын көңүлүн буруп, товарды сатып алуу үчүн жарнама жасоо. Буюртма берген тараптын имиджин көтөрүү. SММ товардын түздөн-түз сатылышына таасир бере албайт, бирок татыктуу имидж аркылуу товарга кызыккандардын санын көбөйтө алат. Азыркы кезде бул түшүнүк калыптанып келе жатат жана өнүгүп келе жаткан соода кылуу жолунун өзгөчө бир түрү. Телеканалдардагы аудиторияга караганда «SММ» боюнча жыйналган, маалымат боюнча кабардар болгон адамдардын саны көп. Ошондой эле кызматкер «кара пиарды» жөнгө салып туруусу керек. Эгер жаңычылдыкты сүйгөн, кээ бир учурда эркин график менен иштегиси келген жаштар болсо бул кесип өтө ыңгайлуу киреше булагы болуп саналат.

Кайсы жерде окуу керек?

—Аталган кесипке атайын онлайн-курсттар окутат. Мисалы чет өлкөдө «Нетология» университетинде социалдык тармакта кантип жүргүзүү боюнча мыкты курстар бар. Интернет аркылуу байланышса болот.

—«SММ-менеджер» деген атайын чоң курстар болот. Курсту социалдык тармактарда белгилүү болгон маркетинг боюнча адистер жетектешет. Окуунун аягында диплом берилет. Айрым жерлерде бүтүруүчүлөргө жардам катары тажрыйба алмашууга жана жумушка орношууга жардам беришет.

—Эң аракетчил, өзүм окуйм дегендиги үчүн интернет жардамга келет.

Негизги кардарлар:

—Жарнамалык жана SММ-агентстволор;

—Орто жана чакан бизнес;

— РR компаниялар;

—Элчиликтер;

Кызматкерге керектүү сапаттар:

—Адамдарды түшүнүү жана алар менен баарлашуу;

—Акыл-эс жөндөмдүүлүгү;

—Соцтармактарды мыкты өздөштүрүү;

—Адамдарга кызыктуу контентти чогултуу;

—Соцтармактагы кардарларды буюртма берген жактын сайтына тартуу;

—Соцтармактын автоматизация куралдарын өздөштүрүү;

— Кураштыруу, кооздоо, түрдүү багыттагы маалыматтар жана блогдор менен бөлүшүү;

— Блогду ар дайым жүргүзүү;

— Атайын бир тармак боюнча колдонуучулар менен талкуу жаратуу, ар дайым активдүү иштөө, билдирүүлөргө жооп берүү;

— Түз эфир жарнамасы менен алектенүү.

SММ кызмтакери канча айлык алат?

Орто эсеп менен Кыргызстан боюнча алсак, бир буюртма берген кардар 100 АКШ долларынан 300 АКШ долларына чейин төлөйт. Ал эми SММ кызматкери бир эле учурда кеминде 3-5 долбоорду бирдей алып кете алат. Бул адистин өзүнөн көз каранды. Жыйынтыгында «иштеген тиштейт» дегендей болот. Негизгиси үйдөн же декреттик өргүүдө, балким башка жумуш менен бирдей алып кетип, иштей берсеңиз болот.

Ал эми башка өлкөлөрдө бул кызматтын түрүнө жакшы эле сумма төлөнөт. Мисалы жок эле дегенде 40 миң сомдон өйдө экенин жарнамалардан байкоого болот.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: