Menu

Генерал Суваналиевдин күч органдарынын башына келүүсү – мезгилдин талабы

Бөлүшүү:

Мурда-кийин кылмыш дүйнөсүндө жүргөндөр коомдук иштерге аралашып, бийлик менен камыр-жумур кызматташууга бара баштаганы өкүндүрбөйбү? Күч органдарында профессионал кызматкерлер бар, бирок башчылары жарыбай, коомго үлгү көрсөтө алышпай калган чакта жашап атабыз. УКМКнын Кой-Таштагы, Чалдыбардагы операцияларын көрдүк, сабатсыздык менен коштолуп, кан төгүлүү, өлүм, ташбараңга калуу көрүнүштөрү коштолгон. ИИМ болсо ички интригаларга чалынып, коррупцияланышып, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ийгиликке жете албай калганын кантебиз? Айтор, эки система тең «эшегине жараша тушагы» дегендей милдеттерин так, жогорку деңгээлде аткара албай калышканын кайда жашырабыз? Деги эле күч органдарындагы жалпы кризистик кырдаалды кантип жеңсек болот? Бир гана жол бар – жогорку жетекчиликке таза, принципиалдуу, тажрыйбалуу кадрларды тандай билүү зарыл. Мындай мамлекетчил фигуралар учурда көмүскөдө калгандай. Маселен, Өмүрбек Суваналиев ИИМге, же УКМК жетекчилигине барса, мыйзамдуулуктун камсыздалышы, коомдук кырдаалды жөнгө салуу менен кайсы система болбосун кадыр-баркын көтөрмөк. Элибиздин бейпилдиги, мамлекеттин алдыга жылуусу ириде коопсуздуктан көз каранды экени талашсыз. Анда эмнеге жаркын келечегибиз үчүн генерал Суваналиевдин тажрыйбасын пайдаланбайбыз? Биз буга чейин да коңгуроо кагып келгенбиз. Дагы сунуш келтиребиз, себеби мыктыны тааный турган мезгил келди!

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: