Menu

Шайлоого камылга: Экс-спикерлердин сунушу

Бөлүшүү:

6-октябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин экс-спикерлеринен куралган кеңеш жаңы отурумга чогулуп, өлкөдөгү саясий кырдаалды, чек арадагы абалды жана алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулаган.

Аталган кеңештин мүчөсү, парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылышкан: “- Биздин мыйзам долбоорун сунуш кылуу укугубуз жок. Ошондуктан аларга «ушул маселелерди камтып, мыйзам жазып, парламентке киргизсеңер туура болот эле» дедик. Өзгөчө шайлоодо партияларга коюлган 9% барьер боюнча талаш-тартыштар болду. Аны колдогондор өлкөдө стабилдүүлүк болуш үчүн парламентте эки-үч гана партия болушу керектигин айтышты. «Эгер андан бир эле партия өтсө эмне кыласыңар, анда Баш мыйзамды бузуп 120 мандатты бир эле партияга берип каласыңарбы?» деп сурадык. Же маселен бир партия 85% добуш алса, анда бир эле партия 65 орунду ээлеп калабы, же 9% алган бир-эки эле партия өтсө, анда калган шайлоочулар парламентте өкүлсүз калабы, алардын укугу эмне болот деген суроолор коюлду. Мындан башка да маселелер боюнча сунуштар айтылды”.

Чолпонбаевдин белгилешинче, бул жөнүндө даяр мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн экс-спикерлер кеңешинен тиешелүү адамдар дайындалды. 5-октябрдагы отурумга 12 адам катышты.

Парламенттин мурдагы төрагалары быйыл март айында атайын кеңеш түзүшкөн. Кеңештин төрагасы болуп Медеткан Шеримкулов, ал эми аткаруу комитеттин катчылыгына Ахматбек Келдибеков дайындалган. Ага 13 адам, тактап айтканда, Медеткан Шеримкулов. Абдыганы Эркебаев, Мукар Чолпонбаев, Алмамбет Матубраимов, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков, Асылбек Жээнбеков жана Исхак Масалиев катышкан.

Мурдагы спикерлер кетирилген каталарды биргеликте оңдоп, укуктук-демократиялык коом курууга да үндөп келишет.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: