Menu

Видео – «Азаттыктын» Кыргыз кызматындагы жаңжал

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү коомдо – «Азаттык» үналгысынын америкалык жетекчилигине багытталган ачык кат кызуу талкууга алынууда. Ал каттын көчүрмөлөрү – «Азаттыкты» каржылаган АКШ Конгрессине, Мамлекеттик департаментке, Бишкектеги америкалык элчиликке жана «Азаттыкты» башкарган Глобалдык медиа боюнча америкалык агенттикке да жиберилген.

Ачык катка 5 адам кол койгон – Жогорку кеңештин мурдагы депутаттары Бегалы Наргозуев менен Бектур Асанов, белгилүү коомдук ишмер Манас Саматов, саясат таануучу Табылды Акеров жана азыр Америкада жашаган журналист Адилет Айтикеев. Талкуу, негизинен, социалдык тармактарда жана катты 19-августта жарыялаган KyrgyzToday сайтында гана жүрүп жатат.

Башка жаңылык агенттиктери, эч нерсе болбогонсуп, бул катка көңүл да буруп койгон жок. «Азаттыктын» сынга алынган жетекчилеринин тарапташтары болсо – «Азаттыкка» тийбегиле, аны жабууга биз жол бербейбиз деген сыяктуу маалымат таратууда. Бирок катта – «Азаттык» жабылсын деген талап жок, тек кана – анын азыркы жетекчилеринин коррупциялык иштери жөнүндө айтылып, текшерүү керек деп жазылган.

Каттын авторлору – «Азаттыкта» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жан тарткан маалыматтар жарыяланганын, анын азыркы президентке каршы чыкканы демократиялык көрүнүш экени тууралуу айтылганы, Атамбаев Европага барганда, ал визитти мактаган жана президенттик аппараттын ошол кездеги башчысы Фарид Ниязовду даңазалаган макалалар чыкканы жөнүндө кабарлаган.

Былтыр апрель айында «Азаттыктын» Кыргыз кызматынын башчысы Венера Джуматаева Вашингтонго барып, Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунда чыгып сүйлөгөндө дагы – азыркы президентти мурдагы президент сынга алып жатканын оң көрүнүш жана демократиянын белгиси деп билдирген:

«Эгер мурда өлкөдөгү бардык маселелер үчүн жаңы президенттер мурдагы президенттерди сындап келсе, мисалга, Бакиев бардык кыйынчылыктар үчүн Акаевди күнөөлөгөн, кийин Отунбаева менен Атамбаев Бакиевди сындап келсе, азыр мурдагы президент азыркы президентти күнөөлөп жатат. Азырынча мен муну оң көрүнүш деп эсептейм».

Андан тышкары катта – «Азаттыктын» директору акыркы жылдары эң кыйын деп таанылган журналисттерди кызматтан бошоткону тууралуу да айтылат, алардын үчөөнү гана атай кетели. Алар – 2016-жылы «Азаттыктын» эң мыкты журналисти деп табылган Айданбек Акмат уулу, Жогорку кеңештин азыркы вице-спикери Аида Касымалиева, көп жылдар бою «Азаттыктын» сайтынын башкы редактору болгон Шайырбек Эркин уулу.

Шайырбектин айтымында, Айданбек Акмат уулун кызматтан бошотуп жатканда, радио жетекчилиги ага – анын бошотулушун Атамбаев талап кылып жатканын айткан. Ошондо да бийликке жакпаган журналисттерин «Азаттыктын» жетекчилиги бир жылга Прагага иштегени чакырып, бирок бир жылдан кийин алардын келишимин узартпай койчу. Ал арада болсо алардын Бишкек бюросундагы орундарын дагы башкалар ээлеп калып, эң мыкты журналисттер көчөдө калчу.

Катта – «Азаттыктын» Бишкек бюросунун акыркы 3 жетекчисинин баары кыргыз бийлигине жакын адамдар болгону айтылат. Мисалга – Атамбаев менен ымалаш Султан Жумагулов, андан кийин – президент Отунбаеванын, андан соң премьер Бабановдун маалымат катчысы болуп иштеп кеткен Султан Каназаров. Азыркы башчы Айзада Касмалиева дагы бул кызматка – президенттик аппарат менен макулдашылгандан кийин гана дайындалганы айтылат.

Улан Эгизбаев менен кошо бир нече иликтөө жасаган Элнура Алканова дагы эч себеби айтылбастан жумуштан бошотулган, ошондой эле ыкма менен Прагада иштеген Улан Алымкул уулу дагы кызматынан айрылган. Азыркы мезгилде Бишкек бюросундагы эң негизги үч жогорку кызматтын баарын – Прагадагы директордун жердештери ээлеп отурат, Джуматаеванын мурдагы ордун ээлейм деген Гүлайым Ашакеева да – анын жердеши.

Мындай окуялар кыргыз «Азаттыгында» гана эмес, радионун Тажик кызматында да орун алганы кейиштүү, бийлик менен жакын ымала түзүп кеткени үчүн анын директору Соджида Джахфарова февралда жумуштан алынды. Андан соң радионун Борбор Азия боюнча директору Аббас Джавади жана анын артынан – радионун баш редактору Ненад Пейич да жумуштан кетүүгө аргасыз болду. Ошол себептен, маселени жеринен көрөйүн деп, радионун жаңы президенти Джейми Флай азыр Тажикстан менен Кыргызстанга келатат. Маселе болсо көп. Кеп ошондо.

Булак: 5-канал

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: