Menu

Бишкек – Мосвка каттамынын билеттери арзандайт

Бөлүшүү:

Жүргүнчүлөр үчүн Бишкек — Москва поезд каттамынын баасы арзандайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы менен россиялык «Российские железные дороги» ААКсы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жол кирени арзандатуу чечимине келишкен. Анын негизинде 2020-жылдын башынан тарта билеттердин баасы вагондордун категориясына жараша 18.1 жана 19.9 пайызга чейин төмөндөйт.

Ошондой эле ушул жылдын сентябрь айынан тарта «Кыргыз темир жолунун» кассаларында Россия, Казакстан жана Белоруссиянын ички каттамдарынын билеттери да арзандай баштайт.

«Самара — Саратов темир жол каттамынын учурдагы баасы 4 120 сом болсо, жаңы кызмат киргенден кийин анын наркы 1581 сом болот», — деп министрликтен билдиришти.

Мындан сырткары, темир жол менен каттаган эс алуучулардын тобу үчүн дагы билеттердин баасы 20-30 пайызга чейин төмөндейт.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: