Чечен деген кичинекей эл Батукаев деген бүтүп калган кылмышкерин жер түбүндө жаткан жеринен жылдап аракет кылып, пара берип отуруп түрмөдөн сууруп чыгып кетти. А биз кылым карыткан, каганат курган кыргыз эли өлкөнүн 15 жылдык тарыхына из салган, Эгемендүү Кыргызстандын негизин түптөөгө зор салым кошкон туңгуч мамлекет башчыбызды 15 жылдан бери дурустап чакырмак тургай, алиге чейин кечире албай келебиз. Мына ушуну ойлоп жатам. Айкөл Манастын урпактары, бизде бир аз да болсо намыс калгандыр?!.
Адилет Айтикеев, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ