Menu

Атамбаевдин камалышы экс-президенттерди сестентти…

Бөлүшүү:

Мурдагы Советтер Союзундагы өлкөлөрдө соттук реформа таптакыр ишке ашкан эмес, соттор улам жаңы келген бийликке көз каранды болгондуктан, тактан түшкөндөрдүн тагдыры оор. Кытайдын батыш жагында жайгашкан, 6 миллион калкы бар жакыр Кыргызстандагы акыркы окуялар бул чөлкөмдө бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүдөн корккон лидерлердин бетин ачты. Кайсы бир өлкө башчысы мындай ишке барса, соңу оң натыйжа бербей турганын көрсөттү. Атамбаев коюлган айыптарга каршы болгону менен баары бир камалды, Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков мындай аракети менен күч түзүмдөрүнүн баарына болушунча үстөмдүк кыла алаарын далилдеди.

Бирок негизги маселе – бул бийлик тирешинде ким жеңгени эмес, дүйнөдөгү эң чакан өлкөлөрдүн бири болгон Кыргызстан абдан жакыр 50 өлкөнүн катарында турганы. Ошондой эле постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлеринин бийликти тынч жол менен өткөрбөй, акырына чейин так талашуусу көйгөйдү ырбатууда. Атамбаевдин камалышынан Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко сестениши керек. Себеби ага карата коррупцияга байланышкан 11 кылмыш иши козголгон, азыркы президент Владимир Зеленский оор экономикалык акыбал үчүн Порошенкону айыптап келет. Ал тургай Россиянын президенти Владимир Путин 2024-жылы бийликти өткөрүп бергенден кийинки тагдырын Алмазбек Атамбаевдин азыркы акыбалына карай божомолдоп, кайсы бир чечимди кабыл алып, келечегине камынышы керек…

(Канаданын «Nаtіоnаl Роst” гезитинен)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: