Menu

Бир кесиптин ээси болгонубуз ынтымагыбызды бекемдетип келет

Бөлүшүү:

“Вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшы” деп коюшат эмеспи. Андыктан үй бүлө курууда түгөйдү туура тандоо өзгөчө мааниге ээ. Асыресе бир кесипти аркалаган түгөйлөр бири-бирине болгон түшүнүү мамилеси өтө жогору болсо керек. Анткени алардын кызыгуусу дагы бир болуп, иштеги жогорку жоопкерчиликти терең түшүнө билип, бири-бирин колдоп, коштоп турушат.

Бүгүнкү биздин жылдыздуу түгөйлөр – ИИМ МАККББнын Сузак райондук бөлүмүнүн начальниги, милициянын  подполковниги Жалил Омуракунов жана жубайы Сузак РИИБнүн Патрулдук милициясынын кызматкери, милициянын лейтенанты Уулкан Абдинабиева.

– Жалил мырза, айтсаңыз, ички иштер тармагында канча жылдан бери, кайсы кызматтарды аркалап келе жатасыз?

-Эл катары орто мектепти бүткөндөн кийин эмгек жолумду 1998-жылы Ички иштер министрлигинин ички аскеринде катардагы жоокер болуудан баштагам. Андан кийин кызматтык тепкичтерден акырындык менен басып олтуруп взвод командирлигине  чейин жеттим. Ал эми 2003-жылы Ички иштер министрлигинин Ош шаардык күзөт кызматында катардыгы милиция кызматкери болуп ишке орноштум. Бул кызматта талыкпай эмгектенип келе жатканыма он үч жылдын жүзү болуптур. “Аракет кылсаң, берекет”- дегендей, өмүрүбүз текке өтпөй, мекен жүгүн аркалап иштеп жатабыз. Учурда Ички иштер министрлигин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгынын Сузак райондук күзөт бөлүмчөсүнүн башчысымын.

– Бир кесипте иштеген эки адамдын үй-бүлөлүк турмушу кандай болоорун айтсаңыз?

– “Көрө-көрө көсөм болот” дегендей кызматка байланыштуу ар кандай адамдарды көрүп, ар кандай кырдаалдарда болосуң. Биздин жумушубуз кооптуу болгондуктан, ар бир өткөргөн күнүбүздү баалап, андан дагы өмүрлүк жубайыңа, балдарыңдын энеси болгон адамга болгон мамилең өтө эле аяр болот. Аялым дебей аярым дейм. Анткени бардык жагынан мени түшүнгөнү, ишенгени, баалаганы, жароокер мүнөзү менен камкордук кылганын көрүп туруп, анан жубайыма кантип жылуу мамиле жасабайм. Үй-бүлө курганыбызга бир топ жылдын жүзү болду. Экөөбүздүн бир кесиптин ээси болгонубуз ынтымагыбызды бекемдетип келет. Анткени экөөбүз тең милиция кызматында иштөө тартибин, түйшүктүү кызматты аркалаганыбызды түшүнүп, бир-бирибизди колдоп турабыз.

– Ички иштер кызматкерлеринин жумушу оор, бул учурда жубайыңыз экөөңүздөрдө таарыныч, түшүнбөстүктөр болбойбу?

– Ооба, биздин жумушубуз оор экендигин моюнга алам. Бирок бул кызматта иштеп жүргөндө тактык жана бир көз караш менен эмне айткысы келгенин түшүнүп калган абдан жакшы сапат пайда болот экен. Ошондон улам жумушубуз түшүнбөстүктү эмес тескеринче, бири-бирибизди абдан жакыш билгендикке алып келди десем жаңылышпайм. Айрым эркектер “аялым көп сүйлөп, башты оорутат” деп наалып калганын байкап калам. Ал эми бизде андай жок, менин айтканымды жубайым буйрук иретинде кабыл алат дагы дароо аткарат жана бейчеки суроо берип, тынчымды албайт. Өзүнө керектүү маалыматты менден биринчи эле билип алып, ысык тамагын жасап, жакамды агартып, жылуу сөзүн айтып тосуп алат.

– “Нике кайып” деп коёт. Ошентсе дагы эки адамдын баш кошушуна кандайдыр бир себептер түрткү болот эмеспи. Сиздер кандайча таанышып, баш коштуңуздар эле?

– Бир кызматты аркалаган соң, кызмат аркылуу таанышканбыз.  Биз деле элдей болуп кыз-жигит болуп сүйлөшүп бири-бирибиздин мүнөзүбүздү билип, көрүп андан кийин баш коштук. “Жакшы аял алсаң жакаң агарат, жаман аял алсаң чачың агарат” деп коюшат эмеспи, аның сыңары менин жакам эле агарып келе жатат.  Азыркы учурда эки балабыз бар. Бала бул биздин басып өткөн чыйыр жолубузду улай турган урпактарыбыз болот. Андыктан аларга татыктуу тарбия берип, келечекте кыргыз элинин керегине жараган  мыкты азаматтардын катарына кошуу биздин аруу тилегибиз.

– Уулкан айтсаңыз, аял кишиге жол кайгуул кызматында иштөө кыйынбы?

– Бир кесипти тандоодон мурда терең ойлонуп, “ушул ишти аркалап кетүүгө күч-дараметим жетеби?” деген чоң суроонун өзүңдүн алдыңа коюшуң керек жана ошол ишке болгон кызыгууң өтө жогору болушу керек деп эспетейм. Мага менин ишим жагат. Андыктан мен үчүн бул кызматта иштөө оордук жаратпайт.

– Жол кайгуул кызматында иштөөгө эмне түрткү болду? Формасы жактыбы, машинеси жактыбы же акчасы жактыбы?

– Балалык кыялымды ишке ашырдым десем болот. Адам баласы келечекке бала кезден максат коюп ошого умтулуп, ошого жетүүгө аракет кылат эмеспи. Мен дагы көп катары өз кыялдарымдын арты менен ушул кызматка келип калдым.

– Аймак боюнча патрулдук милицияда иштеген  жападан жалгыз айым кызматкери экенсиз, андыктан жарандар же айдоочулар кандай мамиле кылышат?

– Негизи, эскиче айтканда МАИ кызматында жалаң эркектер иштеп келгендиктен, бул тармакка аял кишинин аралашып, инспектор болушу коомго жаңы өзгөчөлүк киргизди десем болот. Аял десе эле алсыз, назик жанды элесткендер бар. Бирок аялдар керек учурда эркектен дагы күчтү эркибиз менен бардык нерсени жеңе алабыз. Бирок биздин райондо менин ишиме коомчулук тараптан дагы, айдоочулар тараптан дагы көз карашы абдан жакшы. Мен кызматта аял эмесмин, мен кызматта мамлекеттин мыйзамын коргогон кызматкермин.

– Ичип алып айдагандарга айып пул көтөрүлдү, мындай реформанын канчалык пайдасы тийүүдө деп ойлойсуңуз?

– Бир адамдын ичип алып айдаганынын айынан болгон жол кырсыгынан бөөдө бирөө өлүп, артында балдары жетим калууда. Адам автоунаа айдаганда өтө жоопкерчиликтүү болуп, бирөөнүн өмүрүнө кайдыгер карабашы керек. Мындай балекеттен кутулуунун негизги жолу мыйзамды күчөтүп, рулдагы мас абалдагы адам мейли депутат, мейли министр же полковник болсун, мыйзам алдында жооп берип, айдоо күбөлүгүнөн ажыратылыш керек деп эсептейм. Айдоочуларга айып пул көбөйтүлгөндөн бери бир аз да болсо мас болуп рулга олтургандардын саны азайды.

– Форма сиз үчүн?

– Форма мен үчүн биринчиден сыймык, экинчиден жоопкерчилик. Кыргызстандагы жол коопсуздугу боюнча кандай кырдаал болбосун, айдоочулардын жол эрежесин сактоону талап кылуу, жол кырсыктарын болтурбоо биздин моюнубуздагы жоопкерчилик деп ойлойм.

– Жолдошуңуз дагы Ички иштер тармагында иштейт экен, бир кызматта иштегендин кандай кыйынчылыгы жана кандай жеңилдиктери бар?

– Жолдошум ушул кызматты аркалаган үчүн түйшүктү сезбей иштеп жатсам керек деп ойлойм. Ал менин артымдагы аска-бел боло турган адамым. Кандай маселе, кандай көйгөй болбосун бардыгын чечүүгө жардам берген адам. Андыктан ортобузда бир гана ынтымак ыроолоп, бири-бирибизге урмат-сый менен мамиле кылабыз.

Наргиза Козубаева

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: