Menu

Матраимовдун ИИМ менен кандай байланышы бар?

Бөлүшүү:

ИИМдин башчысынын орун басарлыгына Памир Асановдун дайындалышы коомчулукта качантан бери талкууга алынып келаткан Матраимовдор маселесине кайрадан жем таштады.

Жаңы орун басардын Матраимовдор менен куда-сөөктүк жайы бар экени жарыяланып, ал турмак Асановдун кызматка келишине Матраимовдун салымы бардай карагандар да болду.

ИИМ эми гана мындай маалыматтарга жооп берди.“Туугандык жайды саясатташтыруунун кереги жок. Ички иштер министринин орун басарынын карьерасы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарынын ишмердүүлүгүнө эч кандай байланышы жок. Памир Асанов туугандары менен, алардын арасында Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бар болгону үчүн эле катышпай кое албайт да”, – деп билдирди ИИМ.

Коомчулукта Памир Асановдун уулу “Раим-миллионер” каймана аты менен таанымал болгон Матраимовдун Фарида аттуу бир тууганынын кызына баш кошкону тууралуу айтылган. ИИМ бул маалыматты четке каккан жок.

“Эки жаштын баш кошуусу саясаттан алыс нерсе. Асановдор менен Матраимовдор жаштар табышкыча бири бири менен алака-катышта болушкан эмес. Анын үстүнө булардын баш кошконуна көп убакыт болгон. Эми гана Памир Асанов министрдин орун басары болгондон кийин анын Райымбек Матраимовдун эжеси менен куда-сөөк экени айтыла баштады”,- деп белгиледи ИИМдин басма сөз кызматы.

Соцтармактагы маалыматтарга караганда, Памир Асановдун үч баласы бар: Эрнест -31 жашта, Жаныбек -27 жашта, Алина – 23 жашта. Матраимовдун жээнине баш кошкон уулу Эрнест 2019-жылдын июнунда Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалган.

Памир Асановдун ИИМ башчысынын орун басар болгонун Матраимовдордун “таянар тоолору” күчтөнүп бараткандай кабыл алгандар болду.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: