Menu

Тергөөчүлөр Алмаз Атамбаев менен Аида Салянова жана Шамил Атахановду беттештиришкен

Бөлүшүү:

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз түрмөдөн бошотулуш фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөөчүлөр УКМКнын абагында олтурган Алмаз Атамбаев менен мурунку экс-генпрокурор Аида Салянованы жана экс-вице-премьер Шамил Атахановду беттештиришкен. Бул тууралу бүгүн, 30-августта Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Адвокаттын айтымында, Алмаз Атамбаев экс-генпрокурор Аида Салянова жана Шамил Атаханов менен беттешкен учурда унчукпай, көрсөтмө бербей олтуруп алган. Атамбаев бул беттештирүүлөрдү мыйзамсыз деп эсептей турганын адвокатына билдирген.

Сергей Слесарев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулуш фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап баратканын кошумчалаган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: