Menu

Анапия Райымбекова, КРнын эмгек сиңирген артисти: “Эки сиңдим эки канатым”

Бөлүшүү:

Мазмундуу ыры, уккулуктуу обону бар эже-сиңдилердин репертуарына кызыккандар арбын. Коомчулукта “Үч теректин үч кызы” деп айтылып келген Анапия, Дилбар жана Лира Райымбековалардын өзгөчө “Кыргызстан обондору” деген чыгармасы улуу-кичүү муундун сүйүктүү чыгармасы десек жаңылышпайбыз. Трионун көч башында турган көзүрү Анапия эжекебиз чыгармачылыктагы жаңылыктары тууралуу биз менен ой бөлүштү.

– Эже, чыгармачылык чөйрөгө келгениңизге буюрса 35 жыл болот экен. Филармониянын босогосун аттаган күн азыркыга чейин эсиңизде болсо керек?

– 1983-жылы жайдын саратанында филармониянын босогосун аттагам. Өзүм окуу жайда вокал бөлүмүн бүткөм. Бул жерге келгенде сынактан өтүп, үнүмдү жактырышкандыктан Карамолдо Орозов атындагы эл-аспаптар оркестрине кабыл алындым. 37 жылдан бери ушул жайда эмгектенип атам. Мага Филармониянын ар бир бурчу, жыты тааныш.

– Чыгармачылык кечеңизге даярдык көрүп жаткан кезиңиз экен?

– Акыркы жолу мындан беш жыл мурда жаз айында жеке концертимди бергем. Быйыл 27-сентябрда жеке концертимди бергени турам. Азыртадан даярдыктар күч. Концертимде жаңы обондорумдун бет ачаары болот. Буга чейин менин обонумду аткарып келген атактуу ырчылар катышат. Эл арасынан чыккан талантуу сиңдилерим менен дуэт жаздырып жатам. Жаңы костюмдарды тиктирип аткан кезим. Майрамдык программаны кылдат иштеп чыгуудамын. Азыркы замандын талабына жараша менеджер, продюсер дегенди улуу муундагы ырчылар билбей калбадыкпы. Өз арабабызды өзүбүз тартып аткан кезибиз. Сиңдилерим эки канатым. Учурда уюштуруу иштеринин көбүн мойнуна алып чуркап жүрүшөт. Интернет колдонгонду жакшы өздөштүргөм. Концертимди жарнамалоодо ал тармактын да пайдасы тийип атат. Күйөрмандарым менен жолугушчу күндү чыдамсыздык менен күтүп атам.

– Концерт өткөрүүнүн өзү чоң түйшүк, каражат эмеспи. Бул жагынан ким каржылап атат?

– Негизи буга чейин өзүм тапкан каражатты чыгармачылыгыма жумшап, өзүмдү өзүм эле камсыздап келгем. Туура айтасың, концерт берүү чоң каражатты талап кылат. Бирок мен өзүм ары-бери урунуп каражат издегенге же сураңганга жөндөмүм жок экен. Менин чыгармачылыгымды жан-дили менен сыйлаган, ырларымды жактырып уккан демөөрчүлөрүм бар. Ошолордун колдоосун көрүп атам. Филармониянын жетекчилигине ыраазычылык билдирем. Жакшы шарттарды түзүп, сахнаны жаркыратып бир сыйра оңдоп-түзөөден өткөрдү. Жаңы аппаратураларды койдурду. Атайын цехибиз бар, ал жактан кийген костюмдарыбызды тиктирип кийебиз. Мунун баары жакшы шарт эмей эмне? Баса, дагы бир жакшы жаңылыгым бар. Жетекчибиз Кыргызбай Осмонов чуркап жүрүп айлыктарыбызды көбөйтүп берди. Өзү деле чыгармачылыктын түйшүгүн тартып жүргөн инсан биздин кем-карчыбызды, муктаждыктарыбызды айттырбай түшүнөт.

– Сиздин атыңыздын кеңири таанылганына сиңдилериңиз менен түзүлген триодо салымын кошту окшойт?

– Ооба, эки сиңдим тең ырчылыкка дилгири, каалосу, жөндөмү бар болгондуктан менин жолумду жолдошту. Мен деле аларга: “ырчы болуу оор, башка кесипти тандагыла” деп жолуна бөгөт болгон жокмун. Тескерисинче чогуу ырдап чыкканга аракет кылып бүт күчүмдү жумшадым. 1999-жылдан бери трио болуп келетабыз. Алымкан Дегенбаева деген акын эжебиз “Үч теректин үч кызы” деп бизге арнап ыр жазган. Ошондон бери бул атыбыз кулакка сиңип калды. Эл да бизди ушундай ат менен тааныйт. Көптөгөн жакшы чыгармаларды аткардык. Арасында мекенге арналган “Кыргызстан обондору”, “Жаша, Кыргызстан!”, “Мен кыргызмын” деген чыгармаларыбыз бар. Дайыма ыр тандоодо сөзүнө маани беребиз. Композитор, обончу, акын Жалил Садыков менен көп иштештик. Бизден ырларды уккан башка ырчылар да кийин ал кишиге бара башташты.

– Үчөөңүздүн мүнөзүңүз үч башка болсо керек?

– Иштеген жерибиз бир. Үйүбүз эле бөлөк болбосо керээлди-кечке чогуу жүрөбүз. Тойлорго бирге барабыз. Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Мындан он жыл мурда тойлорго жар-жар айтканы эле чыксак, учурда кыз узатууга да барып жатабыз. Мүнөзүбүз  жөнүндө айта турган болсок, Дилбар шайыр, шартылдап ачык-айрым, шар да жүрөт. Лира да жайдары, оюндагысын ачык айткан жан. Мындан жоошурагы эле менмин. Чыгармачылыктабы же жашоодобу сиңдилериме өз оюмду таңуулай бербейм. Алардыкын да эске алып, ошого жараша иш кылам. Үчөөбүз бири-бирибизге чоң жөлөкпүз. (Күлүп) Экөө кээде ашыкча эркелеп кетсе бат эле эсине келтирип коем.

– Эмгек сиңирген наамын алганда сиз менен эле кошо кечээ эле чыккан жаш ырчылар да алды. Буга териккен жоксузбу?

– Улунуп-жулунуп чуркаганга, ортого тааныш салып догурунганга же болбосо колунан келе турган адамга кошоматтанганга жөндөм жок экен. Балким жашыраак кезимде ар кайсы жака чуркасам, кадыр-баркымды салып тааныштарга барсам эбак эле ал наамды алмак болушум керек. Бирок мен анткен жокмун. Ак кызматымды кылып жүрө бердим, 2017-жылы гана мээнетим бааланды. Мурда ырчыга наам берилээрде көркөм кеңештин элегинен өтүп, маданиятка кошуп аткан салымы эске алынып анан наамга көрсөтүлчү. Ал тургай репертуарында кандай чыгармалар бар экенине да маани берилчү. Азыр кандай көрсөткүчтөр менен наам беришээрин жакшы билбейт экенмин. Арасынан татыктуусу деле татыксызы деле наам алып атат. Муну мен ачык эле айта алам.

– Бүгүнкү күндө жаш ырчылардын дараметине кандай баа бересиз?

– Ушу күнгө чейин 300дөн ашык ыр ырдадым. Өткөндө бир тойго барсам минусту койгон музыкант жигит “эже, ушунча ырыңыз барбы?” деп таң калат. Азыр эки ыры чыгып эле жылдыз болгондор көп болуп кетти. Эски ырларды жаңылап аткарып атышат, анысына макул. Бирок ырдын сөзүн бузбай аткарышса болот эле. Дагы өкүнүчтүү жагдай, бул интернет дегениң кишини жалкоо кылат окшойт. Мурда биз акындардын ырларын окуп, обончулар менен тыгыз байланышып иштешчү элек. Ырдын мазмунуна, көркөмүнө маани берчүбүз. Азыр болсо эки сөздүн башын койгулаштырып эле ырдап чыгып атканы жаман болуп атат.

– Үч уулуңуздун кимиси ырчы болчудай?

– Улуу балам турмуш курган. Жакында эле үчүнчү неберелүү кылышты. Келинимдин кесиби музыка сабагынан мугалим. Уулум болсо башка тармакка кетти. Ортоңку балам мэриянын алдындагы оркестрда иштейт. Менин жолумду ушу балам жолдочудай болуп турат. Кичүү уулумду кеч 41 жашымда төрөгөм. Азыр он алты жашка чыкты. Кайсы кесипке ээ болоорун азыр өзү деле аныктай элек. Бирок жакшы ырдайт. Ырчы болом десе колдомокмун. Азыр чыгармачылыктын да, үйдүн да түйшүгүн өзүмө жүктөп алгам. Күндүз кечке жумушта болсом кечинде балдарыма өз колум менен тамак жасап, тиричилигимди кылам. Улуу балам турмуш курганда эле: “өз оокатымды өзүм эле кылам, силер неберелеримди жакшы баккыла” деп келин-уулумду бөлүп жибергем. Быйыл буюрса ортончу уулум да үйлөнгөнү турат.

– Маегиңизге ыракмат! Чыгармачылык кечиңиз жогорку деңгээлде өтүүсүнө тилектешпиз.

– Сиздерге да рахмат!

Мээрим Исаева

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: