Menu

“120 баягы” жакага түшүштүбү?

Бөлүшүү:

Кечээ, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачык деп жарыяланды. Төрага Дастанбек Жумабеков 2-сентябрда комитеттердин жыйыны өтө турганын айтты. Ал эми жалпы жыйын 4-сентябрда болот. Эл өкүлдөрүнүн ишке чыгышы тууралуу коомчулукта бир катар сындар менен коштолду. Айрымдар “ушундай чимкирик парламенттин барынан-жогу, тобуңар менен кетип калсаңар жакшы болмок дешсе”, айрымдар “акчаңар түгөнүп келдиңер да” деген негативдер менен коштолду. Кызыктуусу, “эртең 120 кой тоодон түшүшөт” дегени болду окшойт. Чындыгында 6-чакырылыштагы парламент саткындыктын, ойт бермеликтин классикалык үлгүсүн көргөздү. Шайлоочулардын ишениминен кетти.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамына ылайык, парламенттик сессия ушул жылдын сентябрь айынын биринчи иш күнүнөн кийинки жылдын июнь айынын акыркы иш күнүнө чейин уланат. Депутаттар 27 июнда жайкы каникулга тараган.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: