2019-жылдын алгачкы жарымында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү артка кеткенин адистер белгилешүүдө. Мында көбүнчө импорттун азайышы байкалганын айтышат. Кумтөрдүн алтынын кошуп эсептегенде экспорт көбөйгөндөй көрүнгөнү менен ЕАЭБги соодада ал да төмөндөдү. Өкмөт болсо мында көп маселе жок экенин белгилеп, тескерисинче позитивдүү маанайды байкап жатат. Кыргызстэндын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көрсөткүчтөрүн талдап карасак 2019-жылдын алгачкы жарымынын жыйынтыгы менен ал 5 миллиард 236,4 миллион долларды түздү. Былтыр ушул эле убакытта бул сумма 3 миллиард 509.1 миллион долларга жеткен. Башкача айтканда быйыл алты айлык сан 200 миллион долларга кем чыкты. Муну адистер деле четке кагышпайт.
Улуттук статистика комитетинин тышкы жана өз ара соода статистика бөлүмүнүн башчысы Гулсара Сулайманованын айтымында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2019-жылдын январь-июнунда 3,2 млрд. АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январь-июнуна салыштырганда 7,8 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинде экспорт 4,2 пайызга көбөйдү, ал эми импорт тескерисинче 11,6 пайызга азайган.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ