Menu

10 жаштагы кыз белгисиз оорудан улам кемпирдей көрүнүп калды

Бөлүшүү:

Камбоджа өлкөсүндөгү чакан кыштакта жашаган кыз чанда кездешчү оорудан улам келбети улгайган адамдыкындай болуп калды. Бул туурасында «Тһе Dailu Mail” басылмасы жазып чыкты.

10 жаштагы Бо Ракчиндин келбети 60 жаштагы кемпирдей көрүнөт. Ал төрөлгөндө эле денесинде бырыштар болгон. Кыздын так диагнозу белгисиз, себеби аны бир дагы жолу дарыгерге алып барышкан эмес. Ал дененин майларын түзүүчү ткандын иштешине тоскоол жараткан липодистрофия же теринин ийкемдүүлүгүн азайткан Алибер дерматолизи деген илдет менен жабыркашы мүмкүн дешет. – «Мен агаларымдын жана эже-сиңдилеримдин арасыңда кары көрүнөм. Алар мени эже эмес, чоң эне деп чакырышат. Антип атабоону талап кылганыма карабай, мазактаганын токтотушпайт”, – деп ызаланган Ракчин.

Кыз курбалдаштарынын мазагына чыдай албай пластикалык операция жасатып болсо да келбетин оңдоого аракет кылууда.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: