Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин №02-76 “Жаштар менен аялдардын арасындагы экстремизмдин алдын алуу максатында окуу борборлорду түзүү жөнүндө” буйругунун жана №04-токтомунун ишке ашыруу максатында Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен 5 бөлмөлүү аялдарды окутуу борбору ишке берилди. Окуу борборунда жетекчи отуруучу 1 бөлмө, 2 класс, бир жыйын өтүүчү зал каралган. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
“Аялдардын окуу борбору Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн Ырыс айылындагы Примберди ажы көчөсүндөгү “Төөлөс” мечитинин жанында жайгашкан. Эми айымдар үчүн окутуу иштерин баштайбыз”,-деди Абдулазиз кары Закиров.
Саамалык алкагында Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов жана казыяттын окуу бөлүм башчысы Арпидин ажы Жороев окуу борборлор менен иш алып баруучу адиси болуп дайындалган Каримова Гүлсара Оморбековнаны жаңы имарат менен тааныштырып, керектүү эмеректер менен жабдылаарын белгиледи.
Эске салсак, буга чейин Жалал-Абад казыятында Ислам окуу борборлорунун жетекчилеринин алгачкы отуруму өтүп, план, программалар талкууланган болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ