3-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа менен жолугушуусу болуп ѳттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыгынын динамикалык ѳнүгүүсүн талкуулашты. Тактап айтканда, Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылышын тездетүүнүн жана жылына акысыз дарылоо боюнча квотанын санын 100 кишиден 150 кишиге чейин кѳбѳйтүү боюнча Макулдашууну ишке ашыруунун зарылчылыгын белгилешти.
Элчи К.Омуралиев, Түркиядагы кыргыз жарандар үчүн бөлүнгөн квотанын негизинде, кохлеардык имплант операциясын күткөн кыргыз жарандарына операция жасоону тездетүү, Кыргыз Республикасынын дарыгерлери жана медицина тармагында иштеген адистери үчүн Түркияда стажировка ѳтүү, ошондой эле Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарыгерлеринин катышуусу менен «Кыргызстанда ден-соолук жумасы» долбоорун улантуу ѳтүнүчүн билдирди.
Түрк тарабы жогоруда аталган маселелердин чечилишине ишендирди жана жер тилкесин бөлүп берүү шарты менен Кыргыз Республикасында диагностикалык борбор ачууну сунуштады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ