Menu

Талибдер Өзбекстандын түштүк чегине жакындады

Бөлүшүү:

Ооганстандык Ariana TV телеканалы маалымдашынча, “Талибан” кыймылынын согушчандары Балх провинциясынын Кальдор уездиндеги чек ара бекетине 2-майга караган түнү чабуул жасашкан. Генерал Мир Наима Хайдари чабуулдун мизи майтарылып, Ооганстандын чек ара аскерлери жабыр тартпагандыгын билдирди.

Анткен менен бул маалымат Өзбекстан президенти Ислам Каримовду жооткото албайт. Канткен менен Ооганстандын Кальдор уезди менен Өзбекстандын Термез шаарын болгону Аму дарыясы гана бөлүп турат. Бир кезде амударыялык Термез-Хайратон унаа-темир жол көпүрөсү “достук көпүрөсү” аталчу. Эми аны “тозок дарбазасы” дей турган болушту.

Ушул убакка чейин аскерий иш-аракеттер Өзбекстанды кыжаалат кылчу эмес. Анткени Балх провинциясында абал тынч эле. Мартта өкмөттүк күчтөр аймакты талибдерден толук тазалайбыз деп ишке киришкен. Антсе да 2-майдагы окуялар талибдердин Кальдор уездинен толугу менен куулуп чыкпаганын айгинелеп турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: