Menu

Кыргыз комузчулары Өзбекстандан “триумф” менен кайтышты

Бөлүшүү:

Жакында Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн “Шарк таронлары – 2019” эл аралык салттуу музыка сынагы болду. Анда кыргызстандык комузчулар биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Өзбекстанда эки жылда бир өткөрүп келген сынакка 80ден ашык мамлекеттен 300дөн ашуун улуттук салттуу музыканын өнөр ээлери катышты.

Сынакка Кыргызстандын атынан Эламан Каныбеков жана Айбек Каныбеков барышкан. Сынакта биринчи орунду ээлеген өнөрпоздор К.Орозовдун “Жаш кербез”, Н.Абдрахмановдун “Мезгил жаңырыгы”, А.Огонбаевдин  “Ак тамак – көк тамак” жана Н.Борошевдин “Кара өзгөй” күүлөрүн чертип, калыстар тобун жана көрүүчүлөрдү таң калтырышкан.

Белгилей кетсек, эл аралык сынактын калыстар тобунун катарында Кыргыз эл артисти Роза Аманова да болгон.

Эламан жана Айбек Каныбековдор К.Молдобасанов атындыгы Кыргыз Улуттук консерваториясы жана М.Абдраев атындагы музыкалык окуу жайынан билим алышкан. Учурда Эламан Каныбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын “Камбаркан” фольклордук ансамблинде, ал эми Айбек К.Орозов атындыгы ансамблде эмгектенишет. Ошондой эле, учурда Эламан Каныбеков М.Абдраев атындыгы музыкалык окуу жайында сабак берет.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: