Menu

Түндүк Корея июндан бери ракеталарын сегиз жолу сынады

Бөлүшүү:

Түндүк Корея белгисиз эки снарядын Жапон деңизин көздөй кое берди. Бул тууралуу түштүк кореялык “Ренхап” агенттиги Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабына шилтеме берүү менен билдирди. Снаряддардын тиби тууралуу кененирээк маалымат жок.

Снаряддар 330 чакырымга учкан. Жакынкы аралыкка учуучу снаряддардын колдонулганын Reuters агенттигинин АКШ өкмөтүндөгү өз булагы да тастыктады. Жапон Коргоо министрлиги алар өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан жок деп билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолуккандан бери Пхеньян сегиз жолу ракета учурду. Күн мурун Түндүк Кореянын тышкы иштер министри өлкө сентябрдын соңунда денуклеаризация боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин билдирген.

Америкалык талдоочулардын пикиринде, Пхеньян бул сыноолорду Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча майнапсыз сүйлөшүүлөрдүн фонунда Вашингтонго кысым көрсөтүү үчүн жүргүзүүдө. Сүйлөшүүлөргө ылайык, Түндүк Корея өзөктүк программаларын толугу менен токтотсо, АКШ Пхеньянга карата бардык санкцияларын алышы керек болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: