Menu

Фото – Тасманын артынан табышкан жылдыздуу түгөйлөр

Бөлүшүү:

Тасма тартылып бүткөн соң баш кошуп алган актер, актрисалар кино талаасынын практикасында көп эле жолу кездешип келет. Бул ирет кино талаасында чогуу иштеп жүрүп баш кошкон жылдыздуу түгөйлөрдү тизмектейбиз.

Уилл Смит жана Джада Пинкетт Смит

Картинки по запросу джада пинкетт жена уилла смита

Голливуд жылдызы Уилл Смиттин жубайы актриса Джада Пинкетт жолдошунун эң ишенимдүү күйөрманы болчу. Ал Смитт тартылган бир нече фильмге кастингге катышып өтпөй калган. Бирок тасма талаасында бир болушпаса да тагдыр аларды жолуктуруп, 2 уулду бирге тарбиялап келишет.

Джонни Депп жана Эмбер Херд

Картинки по запросу джонни депп и его жена

1998-жылы Джонни Ванесса Паради менен жашыруун үйлөнүп, 2 балалуу болгон. Бирок ырчы айым экөө балдары турганына карабай эки ажырым жолго түшүшкөн. Арадан көп өтпөй актер “Ромовый дневник” тасмасында бирге роль жараткан актриса Эмбер Херд менен жылуу мамиле түзүп, бир топ жылдан кийин түгөйлөр жашыруун үйлөнүшкөн. Джонни үй-бүлөсүн ачыкка чыгарууну башынан жактырбастыгын маектеринде айтып келген.

Бред Питт жана Анжелина Джоли

Картинки по запросу питт джоли

2005-жылы Голливуд жылдызы Бред Питт жубайы Джениффер Энистон менен ажырашкан. Түгөйлөрдүн ажырашууусуна актердун кино талаасында бирге ойногон, тасмадагы сүйүктүүсү себепкер болгон. Алар “Мистер и миссис Смит” тасмасында түгөйлөрдүн образын жаратышкан. Дал ушул фильм жылдыздуу түгөйлөрдү табыштырган.

Джениффер Энистон жана Джастин Теру

Картинки по запросу энистон теру

Бред Питтин мурунку жубайы жолдошу кино талаасындагы сүйгөнүнө кетип калгандан соң өзү да кино талаасынан чоң сүйүүгө кабылган. Ал тасмадагы партнеру Джастин Теру менен 2008-жылы ан. Алар “Жажда странствий” тасмасында бирге тартылышкан. 2012-жылы актер актрисанын колун сураган жана чакан чөйрөдө баш кошушкан.

Анастасия Зоворотнюк жана Петр Чернышев

Картинки по запросу заворотнюк и муж

Жылдыздуу түгөйлөр Анастасия Ззворотнюк жана Петр Чернышев “Муз үстүндө бий” долбоор аркылуу таанышып баш кошушкан. Актриса ага чейин мурунку продюсери жана жолдошу Сергей Жигунов менен ажырашкан. Тагдыр бирге кылган түгөйлөрдүн ортосунда бир кызы бар.

Елизавета Боярская жана Максим Матвеев

Картинки по запросу боярская и муж

Орусиялык кино жылдыздарынын ичиндеги эң атактуу жылдыздуу түгөйлөр Елизавета Боярская жана Максим Матвеевдер. Алар 2009-жылы тартылган “Не скажу” фильминде бирге роль жаратышкан. Ага чейин Максим үй-бүлөлүү болчу. Тасмада бирге роль жараткандан кийин сүйүү үчүн ажырашууга аргасыз болгон. Көп өтпөй түгөйлөр баш кошуп, ушул күнгө чейин бактылуу жашап келе жатышат.

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: