Бишкек шаарынан мыйзамсыз курулуштарды көрсөңүз мэрияга кабарлаңыз болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Бишкек шаарынын аймагынан мыйзамсыз курулуштарды коомчулук көрүп кабарласа, алар ал жерди барып түрттүрөт. Билдирүүнү Bishkek 312 тиркемеси аркылуу жөнөтүүгө болот. Ошондой эле мэриянын Facebook, Instagram, Twitter тармактарындагы баракчаларына катталып, мыйзамсыз жер боюнча маалымат менен кошо өзүнүн суроосун да бере алат. Эгер фотофактылар болсо, анда 0703633833 номери менен WhatsAppка жөнөтсө болот.
Булак: KyrgyzToday.kg.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ