Menu

Кашкардын “эрдиктери” жана Курсанды куугунтуктоосунун себептери…

Бөлүшүү:

Кашкар Жунушалиев милициядагы эски кадрлардан. Атамбаев аны 2016-жылы Ички иштер министрлигине көтөрүп, бирок көп узабай министрликти жансакчысы Улан Исраиловго белектеп жиберген. Жунушалиев 2018-жылы Абылгазиевдин өкмөтү менен кайрадан Ички иштер министрлигине келген. Мына ошол мезгилден бери ал элдин эсинде “үч-төрт эрдиги” менен калды десек жарашат. Мына ошол “эрдиктерге” саресеп салып көрсөк.

Ак-Сайдагы элге сокку

Быйыл 22-июлда Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыкты. Ак-Сайдын 2-3 миңдей тургуну Ворухтун 40 миңден ашуун тургундарынын чабуулун майтарып турушту. Алар өздөрүнүн айылын эле эмес, Кыргызстандын чек арасын коргоп, жандарын ооздоруна тиштеп турушту. Солк этишпеди. Бирок чек араны коргойбуз деген элге 24-июлда өз милициясы тарабынан чабуул жасалып, резина ок атылып, көздөн жаш агызчу гранаталар жардырылып, абдан бир жан кейиткен, өтө бир таң калтырган жагдай жаралды. Бул эмне “чыккынчылыкпы” деген суроо да аргасыз кылт эте түшүп жатты.

Резина ок менен атууда канчалаган жергиликтүү тургундар жарадар болду. Ооруканага түштү. Жергиликтүү элге каршы мына ушундай жексур операциянын башында Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзү турду. Элге абдан бир катуу сокку урулду. Көптүгүнө салып көпкөн Ворухтун тургундары майтара албаган жергиликтүү элдин мизин, кайратын Кашкар Жунушалиев кайтарды.

Жергиликтүү калк “Камаздап” таш түшүрүп, милицияга каршы аракет жасады деген кине айтылды. Бирок бул түккө турбаган айыптоо. Биринчиден ал жерге жергиликтүү калк таш түшүрмөк эмес. Айланасы бүтүндөй таш болуп жаткан жерге, ал жердин шартын билген эл таш түшүрмөк беле?!

Кайраты катуу калкты тузакка түшүрүш үчүн чагымчылар атайын таш түшүрүп, ошол эле чагымчыл агенттер милицияга таш ыргытып, элди сындырууга атайын чагым жасалган эмеспи деген суроо эл ичинде бекеринен жүрбөсө керек.

Солтон-Сары чыры…

Андан кийин августайынын башында Солтон-Сары чыры чыкты. Ал жерде  башкаруу толугу менен колдон чыгарылып, өтө бир коркунучтуу жагдай түзүлдү. 5-августта Солтон-Сарыда Кытай жарандарынын өмүрүнө коркунуч келтирилип, Пекин Бишкекти абдан катуу зекиди. Кыргызстандын эл аралык аброюна абдан чоң доо кетти.

Мыйзамдуулукту орнотуу учүн Бишкектен Нарынга жөнөтүлгөн атайын багыттагы милиция күчтөрү 6-августа Кочкордо тосмолонуп, Нарын облусу дээрлик башкаруудан, көзөмөлдөн чыгып калды. Мына ушунун баары өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу милдети жүктөлгөн Кашкар Жунушалиевдин кемчилиги эле.

Ал Солтон-Сарыдагы мына ушул өтө бир одоно катачылыгы менен үчүнчү бир чоң каталыгына жол ачып алды.

Солтон-Сарыдагы кырдаалдын курчушуна “Кой-Таш республикасынын” ал кездеги кожоюну Атамбаев абдан кызыкдар болуп турган. Айрым бир маалыматтар боюнча Солтон-Сарыда “учкунду жалынга айлантуу” үчүн Атамбаевдин адамдары абдан жанталаша аракеттенип жүрүшкөн. Ошондуктан бийликте Кой-Таш маселесин чечүү чечими кабыл алынган. Ал чечимди аткаруу максатында Жунушалиев жана УКМКнын башчысы Опумбаев 7-августта Кой-Ташта эч бир даярдыксыз операция өткөрүп, ал трагедия жана шерменделик менен аяктады. Шалаакы операция айынан УКМКа “Альфасынын”башчысынын орун басары Үсөн Ниязбековго ок жаңылып, каза тапты. Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов оор жарадар болду. 15 “альфачы” жаракат алды. Дагы алтоосу барымтага алынып,абдан катуу сабалды. Атамбаев аябай демденип, 8-августка “Форумда” митинг жарыялады. Бишкекти мародерчулук, баш-аламандык каптап, кырдаал толугу менен дестабилдеше турган болуп калды… Жунушалиев жана Опумбаевдин алешем операциясынын жыйынтыгы ушундай болду…

Кой-Ташка «күлгөндүн эмне билгени бар» эле

Мына ушундай трагедияга карабай 8-августта Кой-Ташта “көңүлү көтөрүңкү” жүргөн Жунушалиев экинчи операцияныда таш-талкан кылууга баратканы кийинчерээк маалым болду. Көрсе көпчүлүк аламан (толпа) арасында өзүн жоготуп койгон Кашкар Жуиушалиев Кой-Ташта “кырдаалды колдон чыгарып, өзү дайынын таппай калган… Эгерде ал министр катары кырдаалды көзөмөлдөп турса, анда орун басары Асановдун Атамбаев алдына кирип баруусуна жол бермек эмес да?!

Бирок орустардын “без худа нет добра” дегениндей, Жунушалиевдин “өзүн жоготуусу” чоң трагедия жана ыплас интриганын жолун тоскон экен. Анткени Кашкар Жунушалиев Атамбаев менен дурустап сүйлөшө албай, аны колго түшүүгө көндүрө албагандан кийин “штурмду” көздөп калган. “Штурм” жасалса сөзсүз киши өлүп, чоң трагедия болмок. “Штурм” учурундагы атышта Атамбаевге ок жаңылып, каза тапса же өзүн-өзү атып салса жаманаттынын баары кимге калмак? Албетте, биринчи кезекте президентке тиймек. Өмүрү жууса кетпестак калмак. “Досун сатты” деген айыптоо, “досун өлтүрүп салды, атып салды” деген өтө оор айыптоо менен коштолмок…

Эң башкысы, эгерде мындай трагедия жана кан төгүүгө жол берилсе, анда Сооронбай Жээнбеков чындап эле “болбой калмак”…

Кашкар Жунушалиев, Опумбаев жана өкмөттөгү колдоочулары операциянын мына ушундай аякташын пландашканбы? Президентти алсыратып, ездөрүнүн башка максаттарына жетүүнү көздөшкөнбү?

Операциянын мына ушундай өнүгүшүнө тоскоолдук кылып анын кантөгүүсүз аяктоосуна жетишкен Курсан Асановду ошон үчүн талоонго алышып, өч алып жатышабы?

Дал ошол үчүн Кашкар Жунушалиев дароо “пакет” операциясын ишке ашырууга киришип, орун басарына “опсуз” айыптарды койдубу?! Мындай операция жүргүзүү жагынан Кашкар Жунушалиевде жөндөм күчтүү экен, өкмөттөгү колдоочулары менен Курсан Асановду үй камагына салып, кылмыш ишин козгоого жетишти.

Эгерде 8-августта Курсан Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүгө барбаса, аны ийгиликтүү чечпесе, кырдаал кандай болот эле? Ал кимдин пайдасына чечилет эле деген суроолорго жооп алыныш керек.

Ошондуктан Жогорку Кеңеш, президент бул маселени абдан кылдат иликтеп, адилет баасын бериш керек.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: