Бириккен Улуттар Уюмунун калкты жайгаштыруу фондунун маалыматына караганда, Түштүк, Түштүк-Чыгыш жана Борбор Азия мамлекеттерин кошкондо кеминде 170 миллион аял жетишпейт.
Буга аталган уюм континентте кызга караганда уулга артыкчылык берилип, кыздарды түйүлдүк кезинен эле бойдон алдырып салган учурлар көбөйгөнүн себеп катары көрсөткөн. Укук коргоочулар кызга караганда уулга артыкчьшык берген түшүнүк кыргыз коомуна да жат эместигин белгилеп келишет. Кожоюну уулдуу болгусу келип, кыз болсо эле дароо аборт жасаткан келиндер көбөйгөн. Кыргызстандын улуттук статистика комитетинин соңку маалыматтары да «өлкөдө ар бир эркекке кеминде үч-төрттөн аял туура келет» деген пикирлерди четке какты.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ