Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси болуп Каныбек Абдрахманов дайындалды. Бирок анын жетекчи болуп келиши менен маалымат булактарында анын тескери кылык-жоруктарын тизмектеген маалыматтар козу карындай жайнады. Көрсө Каныбек мырза УКМКнын Тергөө абагында 2 жылга жакын пара алууга шектелип отуруп чыгыптыр. Анан кандайдыр бир себептер менен кылмыш ишинен кургак чыккан. Албетте, куру аякка бата жүрбөсө керек. Анан ушундай шектүү, баскан изи мандемдүү неменин орчундуу кызматка барганына кесиптештери да айран таң экен… Абдырахмановго чейин УКККБнын башчысы Акылбек Мамасейитов, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп кетти. Бул Мамасейитов дагы куйругунда калбыры бар, кылмыш иши козголуп органдан куулуп кетип кайра келген эргулдардын бири экен.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ