Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бийбосунов Руслан Мэлсович Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин башка Жарлыгына ылайык, Салимжанов Бообек Эркинбекович Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу кызматынан бошотулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ