Menu

Ооганстанда эки жардыруудан ондогон киши өлдү

Бөлүшүү:

17-сентябрда Ооганстанда президент Ашраф Гани катышып жаткан жыйын маалында бомба жарылып, андан кеминде 24 киши курман болду, 31 адам жаракат алды.

Ганинин жардамчысы президент өзү жабыркабаганын билдирди. Жардыруу Парван провинциясынын борбору Чарикар шаарында болгон. Ашраф Гани 28-сентябрга белгиленген президенттик шайлоого карата эл менен жолугушуу үчүн келген.

Жергиликтүү оорукананын башчысы Абдул-Касим Сангин курман болгондордун арасында балдар жана аялдар бар экенин билдирди. «Тез жардам унаалары иштеп жатат, курмандыктардын саны көбөйүшү мүмкүн», – деди ал.

Маалыматка караганда, жардыруу жанкечти тарабынан жасалган.

Бул арада полиция борбор калаа Кабулда болгон жанкечтинин жардыруусунан 22 адам ажал тапканын билдирди. Эки кол салуу үчүн тең «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды.

Буга чейин талибдер элди шайлоого катышпоого чакырып, жыйындар өткөн жерлерде жана шайлоо бекеттеринде кол салуу болорун эскерткен.

Өткөн аптада Кошмо Штаттар менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөр токтотулган. Сүйлөшүүлөргө ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү катыштырылган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: