Menu

Маркстын күрөң айгыры

Бөлүшүү:

Мекенди сүйүү, ата-журттун кымбаттыгы жөнүндө сөз болуп  калганда менин оюма дайыма күрөң айгыр жөнүндөгү уламыш эсиме түшөт. “Айылым, туулган жерим ” – деп бир ооз сөз айтып көрбөгөн күрөң айгырдын жоругунан, анын кылыгынан ушул тилсиз жаныбар үчүн туулган жердин канчалык кымбат экенин көрүүгө болот. Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет” повестинде согуштан качып келген Исмайылдын тагдыры менен күрөң айгырдын тагдырын салыштырып. ойго батам. Исмайылдын тагдырынан чыккынчы, Мекенине жоо кол салган кезде, анын коргоонун ордуна качып келип кара жанын бага албай, аялына айылына салмагын салып, алардын нанын талашкан коркок, өзүмчүл адамды көрсөк, Күрөң айгырдын тагдыры такыр башкача.

Ал өз үйүрүнүн башчысы, коргоочусу катары көптөгөн сыноолордон өткөн күчтүү айгыр болгон. Далай ирет үйүрүнө кол салган карышкырлардан үйүрүн сактап, болотой курч туягы менен бөрүлөрдүн башын жара тээп, кулун-тайларын жедирбей сактап келген, кубаттуу айгыр болгондугу аңыз кеп. Дегеле, күрөң айгыр тууралуу аңыздарды бала кезде көп эшитчүмүн. Ошолордун бирине токтолгум келип турат.

Бул окуя Жалал-Абад обулусундагы Токтогул районунун Карл Маркс атындагы колхозунда болгон экен. Азыр ал колхоз Мазар-Суу деген айылга айланган. Согуш башталып, “Баардыгы фронт үчүн!”- деген ураан алдын иштеп, кийимдин жылуураагын да, чоңураак токочун да фронтко жөнөтүп турган мезгил эле.

Күрөң айгырды үйүрүнөн бөлүп алышып, фронтко жөнөтүшөт. Бирок эч качан үйүрүн кароосуз таштап көрбөгөн Күрөң айгыр бир жумага жетпей, Жала-Абаддагы “сбор пунктта” байланып турган жеринен чылбырын чайнап үзүп качып келет. Колхоздун жетекчилиги аны кармап кайрадан фронто жөнөтүшөт. Бул ирет аны поездин бир үстү ачык вагонуна көп жылкы менен кошо жүктөп жөнөтүшөт. Поезд Анжиянда жүрүп кетип бара жатканда күрөң айгыр вагондон секирип түшүп дагы качат. Канча күн жол жүргөнүн ким билсин, айтор күрөң айгыр качып келип кайра үйүрүнө кошулат. Айыл эли күрөң айгырдын үйүрүнө болгон сүйүүсүн баалашып, чогулуп келип башкармадан күрөң айгырдын ордуна башка жылкы берели, аны кайра фронтко жөнөтпөй үйүрүндө калтыралы деп суранышат. Бирок кара жанынан корккон башкарма “Мени соттото албай жатасыңарбы!”- деп болбой коет да күрөң айгырды кайрадан фронтко жөнөтөт. Айрымдардын айтуусунда күрөң айгыр үчүнчү жолу да качып келген дешет. Айрымдары ошол экинчи ирет качкандан кийин дайынсыз болду дешет экен. Мен күрөң айгыр жөнүндө бул окуяларды өз көзү менен көргөн, ошол окуялар болгон мезгилде жашаган Бегелиев Мурат аксакалдан уккан элем. Жылкы жаныбардын кымызын мүрөккө теңеп, өзүн адамдан артык айкөл деп баалаган аксакалдын, кырыя жылкычынын ошондогу айтканы эмдигиче оюмдан кетпей таасирлентет: “Биз кыргыздар: Адам жылкы кыял деп коебуз. Бирок мен бул пикирге кошула албайм. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун Исмайылы менен ошол эле мезгилде согуштун курмандыгы болгон күрөң айгырдын тагдырларын салыштырып караңызчы. Адам жылкы кыял болгонунда алардын арасынан Исмайыл өңдөнгөн дезертирлер эч качан чыкмак эмес. Жылкы баласы эч качан өз эрки менен үйүрүн таштап кетпейт. Үйүрүнө коркунуч келгенде аны таштап качпайт. Исмайыл менен күрөң айгырдын айырмасы асман менен жердей болуп жатпайбы. Исмайыл кара жанын ойлоп качса, күрөң айгыр үйүрүн ойлоп качып жатпайбы! Күрөң айгыр үйүрүн коргоп бөрүлөрдүн башын жарса, Исмайыл айлындагы жесирдин уюн союп алып жеп жатпайбы! Адам жылкы кыял эмес адам чөө же жору кыял десек жарашат” – деп катуу айткан. Ошодон бери мен Исмайыл менен күрөң айгырдын тагырларын салыштырып, көп ойлоном. Балким Мурат аксакал адамдарды чөө менен жоруга теңей ороюраак айтып жаткандыр. Бирок бүгүн айланадагы айрым адамдардын айбан жазабас кылык жоругун көрүп олтуруп, Мурат аксакалдын айтканына толугу менен кошулгуң келет.

Бул күрөң айгырдын тарыхы ошол доордогу согуштун тарыхы. Азыр болсо жаштар күрөң айгыр тургай ошол Улуу ата мекендик согушту унутуп бара жатышат. Ошондуктан жаштарга патриоттук тарбия берүүдө күрөң айгырдыкындай окуялардын ролу чоң деп ойлойм. Бул окуя Ысык-Көлдөгү кадимки Тору-Айгырдын окуясынан ашса ашат, асти кем калбайт. Мен болгон окуяны гана баяндадым. Ал эми Мазар-Суунун жаштары, дегеле ошол айтылуу Маркс колхозунун эли кандай демилге көтөрүшөт, эми кеп аларда…

Дайырбек Шаймерденов

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: