Menu

Ааламга жол Ала-Букадан башталат… же алыскы айыл аймактарындагы кайра жаралуулар…

Бөлүшүү:

Быйылкы жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” катары жарыяланганы менен, бул жаатта элет жергесинде кандай иштер жасалып жаткандыгы айтылбай, маалыматтык вакуум пайда болду. Ошондон улам да, эл ичинде: “адатынча сөз бойдон кала турган нерсе да, бийлик качан эле аймактарга көңүл бурчу эле?” – деген тескери маанай пайда болду. Иш жүзүндө айыл жергесинде эки жыл катары менен “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп айтылган менен жылыштар барбы?

Президент С.Жээнбеков: “Өткөн 2018-жылы негизги аракетибиз региондорду өнүктүрүүгө багытталганын жакшы билесиздер. Тилекке каршы, буга чейин мамлекеттин экономикалык саясаты аймактарды өнүктүрүүгө жендөмсүз болуп келди. Мисалы, бюджет, салык, акча, кредит саясаттары региондордун өзгөчөлүгүн эске алган жок. Ошонун айынан ички миграция күчөдү. Алыскы райондордон, анын ичинде чек ара аймагынан көчүп кеткендер көбөйдү. Демек, айылды, өзгөчө тоолуу жана чек арада жашаган элди колдоо – өлкөнүн территориялык бүтүндүгүн сактоо менен барабар болуп калды. Ошол үчүн кайра-кайра регион деп айтып, президенттик ишмердүүлүгүмдө бул маселеге өзгөчө көңүл буруудамын. “Регион, аймак, элет, айыл” деген түшүнүктөр ар бир чиновниктин аң сезимине терең сиңген түшүнүктөр болуш керек”,- деп айткан болчу.

Карапайым элдин турмушун жакшыртуу үчүн жергиликтүү чиновниктер “Аймактарды өнүктүрүү жылында” эмне иш жасап жатат? Алар президенттин “аймак, элет, айыл”- деп зар какшап жатканын канчалык колдоого алышууда. Муну биз алыскы Ала-Бука районунун, анын ичинде Көк-Серек айыл аймагынын мисалында айтып берүүгө аракет жасадык. Анда кеттик…

Эмилбек Абдыкадыров, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким: “Жарым жыл ичинде эле 534 млн сомдук инвестиция тартылып, жүздөн ашуун жумуш орун түзүлдү!

– Сиздин жегекчилигинизде Ала-Бука районунда быйылкы жылы кандай өзгрүүлөр жүз берип жатат? Президенттин аймактарды өнүктүрүү демилгесинен эл турмушунда оңолуу болуп жатабы?

– Районубуздун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө бир топ позитивдүү жылыштар болууда. Жалпы алдыга болжолдонгон макроэкономикалык индикаторлорду аткарууга жетише алдык. Орточо экономикалык өсүү өткөн жылга салыштырмалуу орточо 104 пайызды түзүүдө, бул 8 айдын жыйынтыгы боюнча.

Алты айда 534 млн сомдук инвестиция тартылып, жүздөн ашуун жумуш орун түзүлдү. Анын 24 млн сому тышкы, 208 млн сому ички инвестиция. Өнөр жай тармагында негизги басым курулуш материалдарын өндүрүү, өнүктүрүү, элди арзан жергиликтүү курулуш материалдары менен камсыздоого коюлууда. Бул багытта жаңы кирпич заводу ишке кирди, ал күнүнө 30-40 миң кирпич чыгарат. Мурда 11 сомдон 15 сомго чейин сатылып келинген кирпич өзүбүздө бүгүн 6 сом 80 тыйындан өндүрүлүүдө.

Мындан сырткары, 2 кичи декоративдүү кирпич чыгаруучу цехтер уюшулуп, иштеп жатат. Жакынкы айларда күнүнө 3 тонна сүттү кайрадан иштетүүчү кичи завод ишке берилмекчи. Негизи районубуздун ишкерлери регионалдык өнүгүүгө активдүү катышып, социалдык-экономикалык еңүгүүгө олуттуу салымдарын кошушууда жана алдыга дагы келечектүү жакшы долбоорлордун үстүнөн аракеттер болууда.

Райондо учурда 17 социалдык объектилердин курулушу жүрүп жатат. Жыл башынан бери 2 жаңы мектеп, 2 ФАП, 1 маданият үйү, 1 спорт аянтчасы, 2 суу скважинасы жаңы курулуп, ишке берилди. 11,5 км ички каналдын жаңы курулушу аягына чыгып, пайдаланууга берилди. Жалпы 8,5 км жол асфальттанды. Анын ичинен 2.5 км. транспорт министрлиги жагынан, ал эми 6 км жергиликтүү жолдор айыл өкмөттөрү тарабынан оңдолду. Жыл аягына чейин жалпы 12 км ашуун жолду асфальттоо мерчемделген.

Элге мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча дагы аракеттер жасалууда. Учурда район боюнча 8 айыл өкмөт болсо, анын алтоосунда “Бирдиктүү терезелер” ачылып, элди тейлеп жатат. Негизги максат – элге кызмат көрсөтүүдө маалымат жана документ алмашууну электрондук форматка өткөрүү, элдин каттамын, убаракерчиликтерин азайтуу, коррупцияны кыскартуу.

– Райондун өрүшүн, ийгиликтерин бекемдөөдө өзгөчө кайсы айыл өкмөттөрүнүн иштерин белгилеп кете аласыз?

– Райондун өнүгүүсүн камсыз кылууда негизи ар бир айыл аймактары өздөрүнүн аракетин жасап, салымдарын кошууда. Албетте, экономикалык жактан дараметтүү Көк-Таш, Ала-Бука айыл өкмөттөрунүн мүмкүнчүлүктөрү чоң жана райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгу орду олуттуу. Ошол эле убакта, экономикалык мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигине карабастан, 1-май айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан алгылыктуу иштери, аракеттери өзгөчө белгилөөгө арзыйт.

– Ала-Бука аймагында да кен байлыктарын иштетүүгө алган чет элдик компанияларга нааразылык болуп келди эле. Жалпы жонунан инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу жаатында абалыңыздар кандай? Үлгүлүү инвесторлор барбы?

– Тоо-кен тармагында учурда толук кандуу 2 гана компаниялары иштеп, райондун өнүгүүсүнө салымдарын кошуда. Булар “КАЗ Минералс Бозымчак” жана “Фульд голд майнинг” ишканалары. Негизинен бул тармакта жагдай, абал туруктуу. Кээ бир пайда болгон маселелерди өз учурунда кеңешип, чечүүнүн жолун табууга биргелешкен иш-чараларды кылуудабыз. Бул тармактын регионалдык улуттук өнүгүүдөгү стратегиялык ордун жана маанисин түшүнүп, тармактагы инвестициялык жагдайды жакшыртуу, шарттарды түзүү – биздин негизги милдет.

Көк-Серектин кайра жаралуусу

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагында бүгүнкү күнү эбегейсиз өзгөрүүлөр жүрүүдө: жолдор, көпүрөлөр, мектептер, ооруканалар оңдоп түзөлүүдө, социалдык объектилер курулууда, элдин жашоо деңгээли ылдам темптер менен жогорулоодо, советтик мезгилден бери чечилбей топтолуп келген көйгөйлүү маселелер четинен чечилүүдө. Бир сөз менен айтканда, Көк-Серек айыл аймагы өзүнүн экинчи кайра жаралуусун баштан өткөрүүдө!

Ийгиликтин сыры эмнеде? “Жакшыдан башчы койсоң, элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң, элди жүдөтөөр”- деп элибизде эзелтен айтылып келе жаткандай, аймактын кыска убакыт аралыгында эле космостук ылдамдык менен алдыга озуп чыгышы конкреттүү адамдын иш билгилиги, тубаса дипломаттыгы жана менеджерлиги менен байланышып турат. Ал адам – Көк-Серек айыл аймагынын башчысы Камчыбек Исраилов. Биз адеп барып, андан, “мынча жумуштун баары дотацияда турган айыл аймагынын колунан келбесе керек, кантип..”- деп сурай бергенден, “Көк-Серектин турмушундагы мындай кайра жандануулар Бозумчак кенин иштетип жаткан тоо-кен компаниясы менен болгон ийгиликтүү кызматташтыктын натыйжасында да мүмкүн болууда”- деп анысын дагы жашырган жок. Албетте, эгерде жетекчи келечекти көрө билбесе, инвестор менен жылуу-жумшак, бир тууганча мамиле түзүү – иштин оңолуусунуна шарт түзөөрүнө ишенбесе, мунун баары болмок эмес да… Көк-Серектин ийгилигинин бир сыры жогоруда айыл өкмөт башчысы айткан жагдай менен байланыштуу. Бирок, экинчи жагы – бул жетекчинин тынымсыз изденүүсү. Болбосо, “акча жок”- деп асманды тиктек олтура берсе жарашмак. Жо-ок, Камчыбек Исраилов аракет үстүнөн аракет жасап олтуруп, бир топ долбоорлорду утуу менен, жолдорду оңдоого, мекемелерди ремонттоого мүмкүнчүлүк таап келе жатат.

Көк-Серек айыл өкмөтү дотациялык болуп саналат, башкача айтканда, ансыз да тартыштыктан башы чыкпаган мамлекеттик бюджетке толугу менен көз каранды. Жылдык бюджет 8,5 – 9 миллион сомду түзөт (тагыраагы, быйылкы жылга 8 460 000 сом каралган), бирок айыл өкмөттүн мектептердин электр жарыгына, көмүрүнө, айлык акыларга, соцфондго чегерүүлөргө, көчөлөрдүн түнкү жарыктандыруусуна, бала бакчанын тамак-ашына, социалдык мекемелердин кышкы жылытуусуна кеткен чыгымдарын эске алганда, бул каражат башка иштерге артпайт. Бирок мындай тартыштыкка карабастан, кыйла жумуштар бүткөрүлүп, элдин маанайы көтөрүңкү жүргөнүн көргөндө, чындап ыраазы болот экенсиң.

Алгач, сөзүбүз куру болбош үчүн, Көк-Серек айыл аймагында былтыркы “Аймактарды өнүктүрүү жылында” кандай иштер жасалганына токтоло кетсек. Бирлешкен айылында 1,5 км жолго асфальт төшөлгөн, чыгымдардын сметасы – 8 млн. сом. Бирлешкен айылынын борбордук көчөсүнө 1.5 км аралыкка түнкү жарык берилди, чыгашасы – 974,0 миң сом. “КАЗ Минералс Бозымчак” компаниясы менен социалдык кызматташтык боюнча түзүлгөн Меморандумдун алкагында Бирлешкен, Ак-Тайлак, Теңги, Кош-Болот айылдарындагы жолдор оңдоп-түзөлгөн, жалпы суммасы 9 млн 600 миң сом. Кубаттоочу гранттардын аркасы менен Таш-Арык айылында 2,6 км тышкы жарык орнотулду, жалпы суммасы 1 миллион сомду түзүп, анын 235 миң сомун “КАЗ Минералз Бозымчак” компаниясы бөлүп берген. Теңги айылынын борбордук көчөсүнүн 2,5 километрин асфальттоо иштери жүрдү. Иштин сметасы – 1 миллион сомду түздү.

Быйылкы, 2019 – Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын тушунда да кыйла колго аларлык жумуштар жүз берген. Сырттан караган адам суктана тургандай шарт түзүлгөн. Маселен, бүгүнкү күндө айыл өкмөттүн казакстандык инвесторлор менен иштешүүсүнүн натыйжасында төрөт үйү, айылдык оорукана толугу менен капиталдык ремонттон өткөзүлүп, элге кызмат кылып келатат. Теңги айылында Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин жылытуу системасы менен полдору жаңыланган. Айылдык мечит, Бирлешкен, Кош-Болот айылдарында ФАПтар толугу менен ремонттолду. Теңги айылынын Таш-Арык участкасына 1650 метр электр энергиясы тартылып, абдан чоң жумуш бүткөн. Канча жолго асфальт төшөлдү, каерге түнкү жарыктандыруу киргизилгенине токтолуштун кажети жок, анткени ушу тапта 6 айылдын баарында бул иштер жасалган. Мындан тышкары, суугат сууну жеткизчү канал, трактор элдин пайдалануусуна берилген.

Быйыл, 2019-жылы Кош-Болот айылындагы негизги көпүрө республикалык бюджеттен 5 млн 900 миң сомго жасалды, Бирлешкен айылына 1500 метр аралыгына түнкү жарыктандыруу орнотулду, ошончо аралыкта аталган айылдын борбордук көчөсүнө асфальт төшөлдү. Республикалык дем берүүчү гранттын жардамы менен Тенги айылынын Таш-Арык участкасына түнкү жарыктандыруу киргизилди. Жалпы суммасы дэээрлик 15 миллион сомду түзгөн спортзалдын курулушу аяктоо алдында турат, анын жанында айыл өкмөтү “Каз Минералс Бозымчак” компаниясы менен биргеликте кичи футбол аянтчасын курууда. Ай-Тайлак, Теңги айылдарында быйыл да бүтөлек участкаларга асфальт төшөө иши улантылды. Мындан тышкары, Көк-Серек айыл өкмөт башчысынын жана айылдык кеңешинин депутаттарынын суранычы менен “Каз минералс Бозымчак” компаниясы тарабынан айылдык ооруканага бир тез жардам машинасы жана стоматологиялык шаймандар тартууланды. Жергиликтүү калк жана Бириккен араб эмиратынан каржыланып, Кош-Болот айылына жаңы мечит салыньш, бүткөрүлдү. Учурда Жалал-Абад өнүктүрүү фонду жана айыл өкмөтү тарабынан Кош-Болот айылындагы орто мектебине 1 072,9 млн сомго жана Токтогул а.о. мектебине 936,6 миң сомго балдар тамактануучу ашканалары курулуп, капиталдык ремонттон өткөрүлүп жатат. Аталган мектептердин ашканалары бүткөн соң. ПРООН жана “МерсиКО” уюмдары тарабынан ар бир мектепке 1 млн сомдун тегерегинде берилген ашкана жабдуулары орнотулуп, 2 жыл бою тамак-аш продукталары менен каржыланып турат. Ошондой эле “МерсиКО” тарабынан 70%, айыл өкмөтү тарабынан 30% каржылоо жолу менен, жалпысынан 600 миң сомго Бирлешкен айылындагы Турсунбеков а.о. мектебинин ашканасын ремонттоп, балдарга ысык тамак берүү аракеттери көрүлүүдө. Кош-Болот айылына 567,0 миң сомго кум тазалоочу тосмо курулду. Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна проект өткөрүлүп, Кош-Болот айылына 15 млн 460 миң сомго бир трансформатору менен спорт залдын курулушуна тендер жарыяланды. Ошондой эле санариптештирүү багытында, Көк-Серек айыл аймагындагы 5 орто мектепке жана 1 балдар бакчасына айыл өкмөтү тарабынан 500 миң сомго видео көзөмөл камералары ноябрь айына чейин орнотулат. ПРООНдун пилоттук програмасынын негизинде, Жалал-Абад областынан тандалган 3 айыл өкмөтүнүн бири катары Көк-Серек айыл өкмөтүнүн имаратына “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча калкка кызмат көрсөтүү борборун уюштуруп, айрым кабинеттерди ремонттоо үчүн 700 миң сомго пластик эшик терезелер, офистик эмеректер жана компьютердик жабдуулар алынып, октябрь айында бүткөрүлөт. Чындыгын айтуу керек, айыл аймагында жасалып жаткан ар бир ишти санап олтура берсек, гезит бети түтпөйт. Биз атайылап, аткарылып жаткан жумуштардын эсебин келтирген жокпуз, мына көп сандаган цифралардан баш адашат. Биз үчүн эң маанилүүсү – Көк-Серек айыл аймагында мурда болуп көрбөгөндөй секирик орун алып, эл турмушу чындап жеңилдеп жаткандыгы.

Бирок, булардан дагы маанилүү, жакшы жаңылык бар. Өткөн жылы айыл өкмөт башчысы жергиликтүү депутаттар менен биргеликте КР Президенти С.Жээнбоковго кайрылышып, таза суу көйгөйү чечилбей жатканын белгилешкен. “Өлкө башчыбыз, урматтуу президентибиз Сооронбай Шариповичке ыраазычылык айтып кетким келет. Анткени, айыл аймагыбыз алыста жана чек арада жайгашкандыгын эске алып, бардык 6 айылга тең таза суу тартуу ишин колдоду. Долбоордун жалпы суммасы 212 миллион сом. Тендер жарыяланды. Жеңүүчү фирма аныкталган соң бул жаатта кызуу иш башталат”,- дейт айыл аймак башчысы К.Исраилов кубанычын жашырбай. Ачыгын айтуу керек, бул көңүл жылыта турган жаңылык…

Соңку сөз ордуна

Көк-Серек айыл аймагынын башчысы Камчыбек Исраиловго кыска-нуска суроолор менен кайрылдык…

– Чынын айтканда, жасалган иштердин мындай көлөмүнө таң калап турабыз, себеби, жетиштүү акчасы бар айрым айыл аймактары деле мындай долбоорлорду ишке ашыра албасын жакшы билебиз. Андыктан Көк-Серек айыл аймагынын ийгиликтүү ишинин сыры эмнеде деген суроо жаралаг…

– Бул жерде эч кандай бир сыр жок. Болгону эмгектенүүгө болгон каалоо жана жакшы жашоого умтулуу. Салыштырмалуу айтканда мисалы, кошуна Көк-Ташта 80 миллион бюджети бар болсо, Көк-Серектики 8 миллион гана. Айырмасын байкап көрсөңүздөр. Экинчиден биздин жетишкендиктерибизге түздөн-түз себепкер болгон туруктуу колдоочубуз “КАЗ Минералс Бозымчак” инвестор-компаниясы бар. Муну айыл аймагыбыздын бир да тургуну танбайт. Компания менен болгон кызматташуун үзүрү көрүнүп турат, компания бизди тиги же бул долбоорду иштеп чыгуудан баштап, каражат бөлүп бергенге чейин колдоп келатат. Ал эми ар бир долбоорду даярдоо – бул узак жана түйшүгү көп иш, буга да бир топ каражат менен сабырдуулук керек.

-Камчыбек, жакынкы пландарда дагы кандай иштер бар?

– Эң башкысы, биз туура иш алып барганды өздөштүрдүк: бизнес-планды түзүүнү, каражатты табуунун жолдорун издөөнү, эл аралык уюмдар менен кызматташууну үйрөндүк. Бул иштерди өздөштүрүүгө “КАЗ Минералз Бозымчак” жардамчы болууда. Мисалга алсак, бүгүнкү күндө биз жакынкы 2-3 жылга перспективдүү долбоорлорду иштеп чыгып, аткарууга даярдап койдук. Бул долбоорлор өз учурун гана күтүп турат, буюрса алар да ишке ашат. Жакынкы келечектеги иш пландарга ылайык, Бирлешкен, Кош-Болот, Таш-Арык айылдарында спорттук заллар (мини-футбол үчүн аянтча) пайда болот, айыл аймактын жолдору толугу менен асфальтталат. Ал эми Кош-Болот айылында дагы бир бала бакча курулат. “Бозымчак” компаниясы иштегенден бери Көк-Серек кыйла өзгөрдү, адамдарда эртеңки келечекке болгон ишеним жаралды, автоунаалардын саны өсүүдө, Көк-Серек айыл аймагын болсо, 5-6 жыл мурунку аймакка түк салыштырып болбойт. Бул жылыштардын баары дотацияда турган Көк-Серек айыл өкмөтүнө тартылган инвестициянын жардамы менен гана ишке ашты.

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: