Menu

Досым Сатпаев, саясат таануу илиминин кандидаты: “Атамбаев “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” деген Чыгыш саясатынын спецификасын эске албады”

Бөлүшүү:

– Досым мырза, бүгүнкү күндө Кыргызстанда кандай саясый тенденциялар калыптанып жатат?

– 2005-жылдан тарта Кыргызстан саясый процесстер жана прецеденттерди түзүү көз карашынан алганда, региондогу эң кызыктуу өлкө болуп калды. Жакында эле Алмазбек Атамбаевдин камалышына байланыштуу дагы бир прецедент түзүлдү. Борбор Азиянын тарыхында алгачкы жолу мурдагы өлкө башчысы камакка алынды. Бул окуя Казакстанда кеңири резонансты жана кунт койгон кызыгууну пайда кылды. Анткени, экс-президент өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөп, жаңы өлкө башчысына таасир этүүнү ойлогон. Бул боюнча атүгүл “Казакстанда да бийликтин өткөрүлүп берилиши Атамбаев кетирген катага байланыштуу эмеспи?” деген дискуссия пайда болду. Ал “экс-президент” деген статус салмактуу жана таасирдүү оюнчу бойдон калууга мүмкүндүк берерин ойлогон. Бирок, Атамбаев “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” деген Чыгыш саясатынын спецификасын эске алган эмес. Ошондуктан, Нурсултан Назарбаев кызматынан кеткен соң жөнөкөй гана экс-президент болуп калбастан, таасир этүүнүн өтө олутгуу рычагдарын өзүндө сактап, муну мыйзамдык деңгээлде бекемдеп алды. Биз бүгүн Кыргызстандагы саясый турмуш жаңы фазасына кирип жатканын көрүп турабыз. Бир гана “Наполёону” бар Казакстандан айырмаланып, Кыргызстанда дайым оюнчулар жана саясатчылар көп болгон. Кыргызстанда эки жүздөй саясый партия бар, Казакстан үчүн бул түшкө кирбес көрүнүш. Ошол эле учурда Казакстанда калктын саны кыйла көп. Мына ошондуктан Казакстандан айырмаланып, Кыргызстанда саясый партиялардын атаандаштык күрөштө тажрыйбалары бар. Бүгүн Астанадагылар парламенттик шайлоого даярдыкка байкоо салып, Атамбаев жок болгондугуна байланыштуу бошоп калган вакуумду ким ээлерин түшүнүүгө далалат жасашуда. Белгилей кетчү нерсе, Казакстанда да келечекте мурдагы президент менен азыркы президенттин ортосунда конфликт чыгышы мүмкүн. Принцибинде, Казакстандын кийинки жетекчилери көптөгөн проблемаларга: Назарбаевдин тушунда эле байкала баштаган элиталар аралык тирешүүгө, коомдук-социалдык нааразылыктарга туш болушат. Назарбаевден кийин президенттик тактыны ээлөөнү каалагандар көп болот. Анан, албетте, амбициялуу оюнчулардын ортосундагы күрөш ар түрдүү формадагы олуттуу коллизияларга айланышы ыктымал.

– Өмүрбек Бабановго байланышкан саясый эпопея элдин баарынын эсинде, анын айынан эки президент чекишип кеткен жайы бар. 2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Казак тарап Кырызстандагы саясый күчтөр менен байланыш түзүшү мүмкүнбү?

– Кыргызстандагы ички саясый процесстерге активдүү же кыйыр түрдө катышуу болоруна менин шегим бар. Бир жолу ооздору күйүп калышты. Анан калса, Касым-Жомарт Токаев башка приоритеттерди өлкөнүн ички көйгөйлөрүн коюп жатат, андай проблемалар болсо өтө эле көп. Өзүнүн кайрылуусунда ал тышкы саясат жөнүндө дээрлик эчтеке айткан жок. Башкы проблемалуу зоналар өлкөнүн ичинде экенин ал эң сонун түшүнүп турат. “Координатордун” же “серый кардиналдын” ролун ойногонго анын убактысы да, ресурсу да жок. Азыр Казакстандын саясый элитасы простирация абалында. Биринчи президент бар, экинчи президент да пайда болуп, анын айланасында да топтор калыптана баштады. Башкача айтканда, өлкөнү башкаруунун эки формалдуу борбору пайда болду. Саясый элита күтүү абалына өттү. Бабановго байланышкан инциденттен кийин кыргыз саясатчылары өздөрү деле кимдир бирөө тышкы байланыштарга барса эле саясый атаандаштары аны өздөрүнө каршы колдонушарын эң сонун түшүнүп калышты го…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: