Талас облусунда 16-сентябрда башталган Улуттук көчмөндөр оюндары (УКО) бүгүн, 21-августта, жыйынтыкталат. Жабылыш аземге арналган салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков катышаары күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда биринчи жана экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Үчүнчүсү былтыр (2018-жылы) Чолпон-Ата шаарында өттү. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда болот.
Жайнагүл ТАЛКАНБЕКОВА
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ