Чындыгында президент Сооронбай Жээнбековдун аракети күч. Сырткы, ички саясатты түздөп койду. Инвестициялык климат оңолду, региондор жандана баштады, эки локомотив борборлордо позитивдүү иштер жүрүп жатат.
Толгонай Стамалиева мурунку калыбынан пресс-катчы болгон күндөн тартып эле такыр өзгөргөн. Жалпы маалыматтык саясаты жок, бардык мамлекеттик мекемелердин пресс-кызматтары менен бирдиктүү иш алып барбайт, чаржайыт. Коомдо кызуу талкууга алынган окуяларга убагында жооп бербей, кеч реакция кылып, коомдук пикир терс жака бурулуп кетип жатат.
Сооронбай Жээнбековдун инстаграм, фейсбуктагы баракчалары верификациядан өткөн, бирок маалыматты Султан Досалиев сумсак текст менен фотону бөлүшүп, Стамалиеваны белгилеп койот. Ушуну пиар деп элестеткен, эскиче ойлонгон пресс-кызматынын жааматы толугу менен кызматтан кетиши керек. Мисалга, Пашинян менен Мирзияевдин баракчаларын карасак, креатив бар. А биздикилер өздөрүнүн аккаунттарын “раскрутка” кылып жатышат.
Президенттин пресс-кызматында президент Сооронбай Жээнбековго күйүп иштеген адам жоктой, баары иштеп жатабыз деген түр көрсөтүп жүрүшөт.
Аягында, Президенттин алдында Секретариат ачып, үч багытта иш алып баруусун сунуштайт элем.
1. Коомчулук менен байланыш.
2. ММКлар менен байланыш.
3. PR бөлүмү.
Орозбек Муратов, КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын кызматкери
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ