Атамбаев мародерлорду таап, Текебаев тарабынан айыпталган күнөөлөрү боюнча ак экенин далилдей албаса чоң уят болот.
Алмаз Атамбаев бүгүн Кыргызстанга кайтып келди. Эми, ал эл арасында кызуу талкууга алынып жаткан өзүнүн дарегине айтылган айыптоолорго эл алдында жооп бериши керек.
1. Атамбаев мародер экени айтылып, Максим Бакиевдин улутташтырылган жер тилкесине үй хан сарай салып алганына;
2. 2010-жылдагы кандуу Ош коогалаңынын уюштуруучусу Кадыржан Батыров менен жаңжал алдында, тактап айтканда 5-июнда жашырынып, эмне жөнүндө сүйлөшкөнү тууралуу;
3. Жакында эле эл алдында «мародерлорду биле турганын, аларга жакын арада чара көрүп жазага тартып, мындан тышкары Кадыржан Батыровду качыргандардын ысымын ачыкка чыгарып, жазалай турганын убада кылган. Ошол президенттик жана жигиттик сөзүнүн үстүнөн чыгышы абзел.
Эгерде, айткан сөздөрүн аткара албаса, мародерлорду таппаса жана Текебаев тарабынан айыпталган күнөөлөрү боюнча ак экенин ишенимдүү далилдей албаса анда элге уят болот. Тескерисинче суудан кургак чыгып, мародерлер менен К.Батыровду чыгаргандарды таап жазага тартса, анда «Ай, Алмаз Атамбаев азамат тура!»,- деген алкышка татыйт. Эми көрө жатабыз…
Дайырбек Орунбеков, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ