Ысык-Көл облусунда 17 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 6-январда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, 30-декабрдан 6-январга чейин 3 жол кырсыгы катталган. Ал эми жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жол эрежесин бузган 625 адамга протокол толтурган. Алардын ичинен 17 айдоочу мас абалында кармалып, айып короосуна 22 машина токтотулган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ