Казакстан полиэтилен пакеттерден баш тартып, таңгактоонун альтернативдүү айлана-чөйрөгө зыяны тийбей турган түрүнө өтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мирзагалиев кабарлады.
Бул документке Казакстан Республикасынын «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасынын төрагасы Аблай Мырзахметов, Казакстан экология Ассоциациясынын төрайымы Айгүл Соловьева жана экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мирзагалиев кол коюшту.
“Төлөө ыкмасын колдонуу пакеттерди 30% га чейин кыскартууга мүмкүндүк берет. Толук баш тартуу 2025-жылы болушу мүмкүн. Бул багыт боюнча иштер жүрүп жатат”- деди Мирзагалиев.
Белгилей кетсек, Казакстанда жылына 5-6 млн тонна таштанды чыгат. Алардын болгону 10 пайызы кайра иштетүүгө берилет.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ