Иллюстративдүү сүрөт
Москвадагы “Коломенское” метронун ажатканасына кыргызстандык мигрант келин төрөп, таштап кеткени боюнча “Комсомольская правда” жазып чыкты. Алардын билдирүүсүнө караганда, бул окуя 19-сентябрда болгон. Жаңы төрөлгөн ымыркай кызды ажаткана тазалаган аял таап алып, полиция чакырган. Айтылган дарекке тез жардам барып, ымыркайды алып кеткен. Ошол эле күнү наристенин энеси да төрөтканага түшүп, ошол жерден врачтарга болгон окуяны айтып берген. Ага иш козголуп, тергөө иши башталган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ