Белгилүү алып баруучу, актриса, журналист Назира Айтбекова өзүнүн социалдык баракчасына Айсулуу Тыныбекованы тосуп алган иш чара тууралуу пикирин айтып, коомчулуктун көңүлүн бурду.
“Бай болгурлар, баса, бүгүн калпак, чапан кийгизип, камчы карматып тоскон жоксуңарбы кызыбызды? Өзүңөр башыңарды башыбызга кийгизип, башкара турчуңарды колубузга карматып, “Бийлик сенде болсун, аялзат”, – деп аласыңар. Анан биз башкара баштаганда таң калып, тарс жыгылып, неудоммносуңар го!) Илгери аялдын башына эркектин баш кийимин кийгизмек түгүл, аял эркекке баш кийимин кийгизчү эмес экен. Ырымы болчу дейт. Эр адамдын баш кийимин өйдө коюп, кастарлачу дейт. Азыр итиңе (подиумга чыккан) деле кийгизип аткан соң…
P.s. Баягылар баягысын карматып, калпагын көтөрө чыгып кууратпаса экен деп тут я очень кыжалат өзүнчө” – деп билдирүү калтырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ