-Өлкөбүздө эне тилибиздин орду кандай?
—Улуттук тилибиздин тарыхы терең, кылымдарды карыткан байыркы тилдердин бири болуп эсептелет. Бирок бүгүнкү күндө турмуш-тиричилиги бизде кандай колдонуп жатабыз, жаңы технологиялар менен айкалышып жатабы? Бул, албетте ойлоно турган маселе.
Азыр заман талабына ылайык жаңы технологияларда ар бир улуттун өз тили автоматташтырылган тартипте иштей баштады. Мекенчил программист жаштарыбыз өз алдынча бул багытта иш алып барышуула. Бир топ жаңылыктарды киргизип жатышат. Мындан сырткары Википедиа дүйнөлүк маалымат желесинде кыргыз тилиндеги маалыматтар күндөн күнгө көбөйүп жатканы бизди кубандырат. Мамлекет тарабынан кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик концепциясы кабыл алынган. Буга байланыштуу тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлүп жатат. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында кыргыз тилине мамлекет тарабынан тийиштүү көңүл бурулбай калганы чындык. Бирок акыркы жылдары бюджеттен тиешелүү акча каражаттары бөлүнүп, турмуш-тиричиликте жана официалдуу кагаз иштерин жүгүртүүдө кыргыз тилин пайдалануу талабы күчөдү. Ага байланыштуу дээрлик көпчүлүк кагаз иштери кыргыз тилинде жүргүзүлүп жатат.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ