Menu

Акрам Мадумаров өзүн ким сезет?

Бөлүшүү:

Баткендин Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып Кыргызстандын бир чек арачысы окко учту. 13 жаран октон жаракат алды. Натыйжада чыр чыккан Лейлек районунун Максат айылынан
752 тургун көчүрүлдү. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан менен талаштуу делген аймакта тажиктер курулуш иштерин токтотпой жүргүзүп жатышканын жергиликтүү тургундар кабарлашууда. Ал эми Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров болсо чыр чыккан кезде коңулга башын катып, “Жергиликтүү бийликке тапшырма бердик” – деп, кабинетине отуруп алып каадаланып маек берди. Жергиликтүү бийлик деп акимчилик, айыл өкмөттөрүн атап, өзүн жогорку борбордогу бийлик ээси сезип алганы кызык. Чыр чыкканда эң ириде жетип барыш керек эле да мекен десе. Отурат оңду-солду маек берип оозун чоюп. Ушундай аткаминердин кереги барбы өзү?

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: