Өлкөдөгү эң «майлуу» деп эсептелген матрезервдер фондун бир жарым жылдан бери жетектеп жаткан Каныбек Айдаровдун дымы чыкпайт. А түгүл, ушундай жетекчи бар экенин интернеттен чукуп атып араң таптык. Негизи, билек түрүнө иштеген киши болсо бул тармакты тыкыр карап, жарым жылда тазалап салмак. Тилекке каршы, Айдаровдун андай аракетин көрбөдүк. Жоголгон тамак-аштын артынан түшкөн жок. Маселен, бир нече жыл мурун Балыкчыдагы материалдык резервдер фондунан 7 миң тонна буудай жоголгон. Аны А.С.Төрөкулов деген адам аралашкан «мафия» түпкө койгону аныкталып, иш козголуп, бирок, соттун оозун «майлоо» менен сүттөн ак болуп кутулуп кеткен. Ал эми мурунку жетекчи Жумабековго 27 млн. доллар кымырып алганы боюнча кылмыш иши козголгон. Эмне үчүн ошолорду чукутуп, ордуна келтирбейт? Демек, мунун да куйругунда калбыры барбы?
-Каныбек Абдраевич, кызматка келгениңизге бир жарым жылдан ашыптыр, бул аралыкта далай ишти бүтүрсө болот, эмнеге дайын-дарегиңиз билинбейт? Матрезервден өтө көп азык-түлүктөр уурдалганын билебиз, канчасы кайтарылды? Деги эмне иш бүтүрдүңүз, элге отчет бере аласызбы? Же, мурункулар сыңары башыңызды төө кушчасынан кумга тыгып алгансызбы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ