Menu

Каныбек Кенжешев, К.Карасаев атындагы БМУнун Кыргыз филология факультетинин деканы: “Кыргыз тилине күйгөндөрдү гана жетекчилик кызматтарга коюш керек”

Бөлүшүү:

23-сентябрда кыргыз тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленип турат. Ачыгын айтып коюшубуз керек, чейрек кылымдан ашык убакыттын ичинде эне тилибиз жигердүү түрдө өнүгүп, өз ордун табалган жок. Ушул көйгөйлүү маселенин тегерегинде ат жалында учкай кеп куруш үчүн өмүрүн тилге байлаган Каныбек Кенжешевди кепке тарттык.

—Каныбек агай, кыргыз тил мыйзамы кабыл алынганына 30 жыл болуптур, бул аралыкта эмнелерге жетише алдык?

—Жетишкендиктер таптакыр жок дегенден алысмын, айрым ийгиликтер болду. Эгемендүүлүктү алган 28 жылдан бери өлкө башына келген жетекчилердин тилге болгон кайдыгерлигинен эне тилибиз тийиштүү деңгээлде өнүгө албаганын моюндашыбыз керек. КМШ жана Балтика жээгиндеги өлкөлөргө салыштыра караганда, бир топ артта калдык. А тургай, коңшу турган өзбек, тажик, казактар сыяктуу эне тилге кам көрө албай жатканыбызга ичим ачышат. Анткен менен учурда президентибиз Сооронбай Жээнбеков кыргыз тилин көз жаздымда калтырбай өзгөчө көңүл буруп, өзү да көпчүлүк учурда кыргызча сүйлөп, жыйындарда, кеңешмелерде эне тилге басым коюп жатканы жакшы көрүнүш.

Эне тилди өстүрүү жалпыбыздын ишибиз. Тилекке каршы биздин тилибизге кайдыгер чиновниктер алиге чейин эне тилин сыйлабай, аны үйрөнүүгө аракет кылбай жатканы күйгүзөт. Болбосо азыр окуу китептер, чакан китепчелер толтура чыккан, заматта үйрөнсө болот.

-Бул талаптын жоктугунан дейсизби?

-Албетте, талаптын жоктугу мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жатат. Жогорку тепкичтеги чиновниктерден тартып жөнөкөй кызматкерлерге чейин ыкшоолонуп, үйрөнгүсү да, сүйлөгүсү да келбей, көкбеттик менен тоготпой турат. «Оюмду орус тилинде билдирейинчи» деген шылтоону «модага» айландырып алышты. Мындай шылтоолор бүгүнкү күнгө чейин эне тилибиздин өнүгүшүнө тоскоол болуп, мите курттай кемирип келе жатат. Кыргыз мамлекетин, кыргыз элин, кыргыздын тилин сыйлаган ар бир жаран бул өңдүү кыянатчылыкка барбашы керек. Негизи, биз тилге болгон саясатты тээ башынан баштасак дурус болмок, көп жылдарга кечигип калганыбыз жашыруун эмес. Бирок, үмүт бар, азыр президентибиз да, өкмөт башчыбыз да кыргыз тилин мыкты билген кишилер. Билим берүү министрлигине да кыргызга күйгөн адам келди. Демек, эне тилибиздин ордун аныктап, өйдө койгонго жетекчилердин эрки жетет деп ишенем.

—Көрнөк жарнак маселеси да тилибиздин өнүгүшүнө балта чаап жатканы, мамлекеттик тилди сыйлабай калганы айтылып келет, муну кандан багытта өзтөртсө болот?

—Кээде көрнөк жарнактарды көрүп башка мамлекетте жүргөндөй болосуң. Азыр түркүн тилде, көбүнчө англис тилинде чыгара баштаптыр. Буга чекит коюлуш керек деп эсептейм. Бүт жерде кыргыз тилинде жазылыш керек, ошондо биздин тилди үйрөнүүгө муктаждык жаралат. Эч кимден коркпостон, жалтактабастан коомдук автотранспорттордо, дүкөндөрдө нак кыргыз тили менен эле жазыш керек. Бүт баардыгын кыргызчалатканда гана кыргыз тилин үйрөнгөнгө мажбур болот. Тилекке каршы, азыр бизге кытай ж.б өлкөлөрдөн келген жаштар орус тилин үйрөнүү үчүн келип жатат. Логика боюнча бизге кыргыз тилин үйрөнүш үчүн келиш керек эле да. Андай болбой калды.

—Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн дагы кандай кадамдарды жасоо керек деп эсептейсиз?

—Тилди өнүктүрүүдө каражаттын зарылчылыгы жок, ал экинчи план дагы маселе, эң алды талап керек. Талап болсо муктаждык жаралат. Чиновниктерди дил баян, жат жазуу жаздырса иргелет. Жөнөкөй кызматкерлерди аттестация же аккредитациядан өткөргөндө мамлекеттик тилди билишин текшерсе, эне тилдин кадыры заматта көтөрүлөт. Кыргызчаны үйрөнгүсү келбеген орус тилдүүлөр тим эле жата калып үйрөнөт. Биздин кээ бир жетекчилер Кыргызстанда жашап, иштеп, бала-чакасын багып жатса да өлкөнү сыйлабайт. Кыргыз тилин жээрип, чанып жүрүшөт. Ошолорду кыргз тилин үйрөнүүгө мажбурлаш керек. Жетекчилик кызматтарда кыргызга күйгөн, кыргыз тилин урматтагандар гана иштеши зарыл.

—Кыргыз тилин үйрөнгүсү келбегендер кыргыз мектептеринде билим начар деген жүйөнү карманышат, мунун чындыгы барбы?

—Бул туура эмес түшүнүк. Биз түркөй түшүнүк менен башкага жагына берсек өзүбүздүн тил өлөт. Тил жоголсо улуттун өзөгүнө доо кетет. Улут болбосо мамлекет түндүгүн көтөрө албайт. Андыктан, мектептен баштап бардык тармакта кадр маселесине көңүл бөлүү кажет. «Кадр баарын чечет» деген сөз бекеринен калган эмес, мыкты кадрларды койсо мектеп да, университет да оңолот. Ооба, биз орус тили менен дүйнөнү таанып келдик, мындан ары дагы орус, англис тилдери менен тааный беребиз, бирок мамлекет үчүн кыргызча сүйлөө зарыл. Биз эне тилге күйбөсөк, анда ким күйөт. Орус тилинде сүйлөсөк бийигирээк болобуз деген түшүнүктөн арылышыбыз керек.

—Эгер Мамлекеттик тил комиссиясы билек түрүнө киришсе, бул жаатта жигердүү жылыштарды жасай алабы?

—Мамлекеттик тил комиссиясынын учурда укугу чектелүү болуп жатат. Буларга мыйзамдуу укуктарды бериш керек. Тил маселеси бардык жерде ошолордун айтканындай болушу шарт. Мыйзамдан чыга албай турат. Мамлекеттик тилге эркиндик берилгенде гана жылыш болот.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: