Menu

Видео – Илим Карыпбеков : “Кайсы адам өз элин “акмак” деп айтат, “Нарындыктар акмак” – деген сөз жок”

Бөлүшүү:

“Нарында эки райондун жашоочулары Сөң-Көлдө жайыт талашып ачык тирешке чыгышты. Бул жеткен айбанчылык! Эмнеге? Биз өзүмчүлбүз. Биз эбегейсиз кең тоо-талааларды толук кандуу, ырааттуу пайдаланмак турсун, айылдын чекесиндеги жайытты толук пайдаланганды билбейбиз. Сөң-Көлгө эки райондун эмес, ырааттуу, ынтымактуу, туура колдонсо Кыргызстандын жарым малы батып кетет. Адамкерчиликтүүлүк качты бизден. Кыйын болуп кыргызым үчүн өлөм боло калабыз, ишке келгенде айгайлап коңшу тууганыбызды жайытка коё бербей элди мушташка чакырып жатабыз. Туугандар! Ошол эки райондун эли бири-бириңерге тууган гана эмес, карапайым, бөтөн эмес элсиңер. Аксакалдар алдыга түшүп сүйлөшүп алгыла. Кыргызга душман кереги жок, кыргыз ушинтип эле жеп коймой болдук бири-бирибизди. Жаштар, ушундан үлгү албагыла, айбан чакырыкка көңүл бурбагыла. Уруш, талаш, тытыштан эч ким эч качан жыргап кеткен эмес. Уруштан эл-жер жоголуп кеткен”, – деп Фейсбук баракчасына КТРКнын мурунку жетекчиси Илим Карыпбеков ой-пикирин калтырган.

Бул ой-пикирден кийин Нарындыктар чогулуп, Илим Карыпбеков “Кечирим сурасын!” деген талапты коюшту.

“Илим Карыпбеков, бул жерде Нарындын тургундары “Айбан” эмес, кандай видеокайрылуу кылган болсоңор, ошондой видеокайрылуу менен кечирим сурагын. Болбосо өзүң “Айбан” болосуң. Эл эч кандай жолду тоскон жок. Айылдын элин жаман көрсөтүүнүн кереги жок. Карапайым элдерибиз эч кандай провокацияга алдырбайт”, – деп бидирди Нарындын тургундары.

Нарындыктардын “Кечирим сурасын!” деген талабын уккан Илим Карыпбеков видеокайрылуу жасады.

“Кайсы адам өз элин “Акмак” деп айтат. Албетте, эч ким андай сөздү айтпайт. Жазган сөздөрүмдү, кайрылган видеотасмаларымды жакшылап карап көрсөңүздөр бир дагы жеринде “Нарындыктар акмак” – деген сөз жок”.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: