Menu

Элиңди сактайм десең, чегиңди сакта!

Бөлүшүү:

Баткендеги талаш жерге Тажикстан курулуш иштерин баштаганы Кыргызстандын бийлигин тоготпой, жерди ээлөө аракети катары карасак болобу?

Ташболот Балтабаев, экс-депутат: “Кучакташып өбүшмөй саясаттан майнап чыкпасы далилденди”

– Президенттер эки жолу жолугушуп кандай чечим кабыл алгандыгы жөнүндө коомчулукка жарыя кылбаганын сындап чыкканмын. Бирок ММК бир беткей президенттин ишмердигин мактап жазышкан. Убакыт көпкө күттүрбөй, кучакташып өбүшмөй саясаттан майнап чыкпасын далилдеп койду. Тажикстан менен чек араны Каримовдун заманында чечиш керек эле. Азыр кырдаал башка. Тажиктер менен проблема болот. Ошондуктан Сооронбай Шарипович ооруну жашырбай, коомчулукка ачык айтып, кеңешип иш кылбаса аягы чоң чырга алып келиши мүмкүн.

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: “Баткендик жарандарга чындап күйгөн бир бийликти көргөн жокмун!”

– Баткендеги жер талашын биздикилер эсине келгенде гана ары-бери чече салымыш болуп келе жатышат. 28 жылдан бери эле ушундай. Деги эле жергиликтүү биздин баткендик жарандарга чындап күйгөн бир бийликти көргөн жокмун!

Бул бери эле дегенде мажүрөөлүк, чалпоолук. Чынын айтканда элге болгон чыккынчылык. Баткен элинен айланса болот. Өзүлөрү гана туруштук берип келе жатышат. Ошол аймактан кресло кучактап олтурган депутаттар дагы аман болушсун! Эл бийликке иренжип тоготпой жатса, тажиктер тоготот беле! Алар биздин абалыбызды көрүп турушат. Ошондуктан кутура башташты! Эми башка кошуналар чыгышпаса болду?

Темирбек Асанбеков, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери: “Мамлекеттик коопсуздукту коргоо стратегиясын тез арада иштеп чыгуу керек”

– Азыр Кыргызстанда болуп жаткан ички саясий келишпестиктердин кесепетинен бийлик бутактарыбыздын сапаты өтө төмөндөдү. Социалдык экономикалык маселелер оорлоп баратат. Мамлекетибиздин ички оор шарттарын байкап, кошуна өлкөнүн саясий жетекчилери өзүлөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын күчтөндүрүү багытында чечкиндүү кыймыл-аракетин ачык эле жүргүзө башташты. Эл аралык саясатта жана экономикада досчулук болбойт, ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы болот. Ошону биздин жогорку бийлик эске алып, ак көңүл, жеңил ойлуулук кылбай, терең ойлонуп, мамлекеттик коопсуздукту коргоо доктринасынын стратегиясын тез арада иштеп чыкса жакшы болот эле.

Гүлжигит Исаков, коомдук ишмер: “Тажик тарап стратегиялык жерлерди ээлеп жатат”

– Тажик тарап биздеги башаламандыктан пайдаланып, стратегиялык жерлерди күндөн-күнгө ээлеп жатат. Улам мурдагы утурумдук чечим деп кол коюлган протокол жана башка документтерди бетке карманып, негиз кылып, күчкө салып болсо дагы жерди ээлей тургандары ачык эле байкалып калды. Бул жерде жергиликтүү калктын дагы жоопкерчилиги бар! Кыргыз жарандарына караганда тажик жарандарына тамдарын 3-4 эсе кымбат саткандар бар. Ошондой эле аткезчилик менен шугулдангандар, ага көз жумгандар тажиктердин колун күчтөндүрүп жатат! Кыскача айтканда, толук кандуу мамлекеттик подходду көрө албай жатам! Колхозчо подход менен мамлекет башкарылбайт!

Мирлан Жээнчороев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Тажикстан тараптан достукка жана коопсуздукка кыянаттык жасалууда”

– Бул туура эмес. Тажикстан тараптан достукка жана коопсуздукка кыянаттык мамиле жасалып жатат десек болот. Парламентте бул маселе талкууланып, Коопсуздук кеңеши да тез арада жагдайды анализдеп жыйынтык чыгарыш керек.

Төрөхан Жунусбеков, активист: “Лейлек району анклав болуп калуу коркунучуна кептелди”

– Баткендин Ак-Сай айылында чыр болуп, ок атышуу болгондо маселени жеринен билип келүү үчүн барып келгенбиз. Ал жерден аксайлыктар “Жеңиш Разаковду кетирбесеңер чыр токтобойт, бул адам контрабанда менен алектенет” – деп Жээнбековдун өзүнө Разаковду кезеп көрсөтүшкөн.

Ал сунушка президент макул болбой, Разаковду бүгүн да ордунан козгогон жок. Анан ошол учурда Жээнбековду жерге тийгизбей мактап жатышкан, чек араны чечип койду деген кошоматчылар бүгүн унчукпайт. Биз ошондо эле айтканбыз эрте мактабай тургула, кандай сүйлөшүп эмне келишимге жетишкенин биле элекпиз деп. Мына эми жыйынтыгы чыгып, Лейлек району анклав болуп калуу коркунучуна кептелди…

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: “Алсыздыгыбызды көрсөтө берсек жерибизди сурагандар көбөйө берет”

– Чечкиндүү өкмөттүк комиссия түзүлүш керек, Кыргызстан кошуна өлкөнү блокада кылганга чейин барышы керек! Эгер алсыздыгыбызды көрсөтө берсек жерибизди сурагандар көбөйө берет.

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: “Бул маселе чыр жаратып, чек арадагы коопсуздук маселелерин козгоп жатат”

– Чек ара маселеси жеке эле Кыргызстан үчүн эмес, Тажикстан, Өзбекстан үчүн да өтө көйгөйлүү маселелердин бири болуп келүүдө. Бул жерде көпчүлүгүндө элдер баягы СССР учурундагыдай көнүмүш адат менен аракеттенип кетип жатышат. Ал эми бул чыр жаратып, чек арадагы коопсуздук маселелерин козгоп жатат. Көпчүлүк учурда конфликт ошол жердеги элдердин бирин-бири түшүнбөй калгандыктан келип чыгып жатат. Бирок эки өлкөнүн бийлик башындагылар, бийлик структураларынын өкүлдөрүнүн өз ара сүйлөшүүлөрү аркылуу конфликттер чечилип келет. Бул жолу да кайсы бир граждандар нейтралдуу деп табылган жерге үй сала баштагандыгы айтылып жатат. Бирок бул проблема эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү тарабынан контролго алынып, тез арада чечүү жолдорун караштырышат деп ойлойм. Эсиңиздерде болсо, чек ара проблемаларын чечүү өтө оор учурлар болгон. Бирок бүгүн Кудайга шүгүр, эки өлкөнүн башчыларынын бири-бирине болгон ишенимден, жылуу мамилелерден улам мамлекеттик структуралар чек ара маселелерин тез жана өз учурунда чечип калышты. Бул маселе да Кудай буюрса жакында чечилет деп ойлойм.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: