Бүгүн, 28-сентябрь күнү, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн мыйзамсыз чек араны кесип өтүүнү алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча тергөө иштерине тоскоолдук кылуу фактысы катталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда «Чалдовар-унаа жол» текшерип-өткөрүү пунктунан белгисиз адамдар УКМК өткөрүп жаткан тергөө иштерине тоскоолдук жаратышып, кызматкерлерди таш бараңга алышкан.
Жыйынтыгында ыкчам-тергөө топтун бир канча кызматкерлери денесинен ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан.
Чүй облусунун Панфилов РИИБ тарабынан материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Азыркы учурда КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте бул фактыга катыштыгы бар адамдар такталууда, жыйынтыгында тергөө аракеттерине тоскоолдук кылган адамдарга юридикалык баа берилмекчи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ