Menu

“Кыргызстан” партиясынын “продуктусун” көрдүк

Бөлүшүү:

Өткөн апта этеги “Кыргызстан” партиясы съезд өткөрүп, алабарман шайлоо оюндарын баштап жиберди. Ага эле куйрук улай, дал ушул партиядан депутат болуп келип, эми ошол партиядан парламентти жетектеп жаткан спикер Дастан Жумабековдун Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн эл аралык расмий жыйында орус тилин эжелеп окуй албаган жоругу бул макаланы жазууга түрткү берди.

Албетте, анын орус тилине тили келбегени үчүн күнөөлөгөн туура эмес. Кептин баары Кыргызстандын жүзү катары жоопкерчиликтүү мамиле кылып, келегей тилин жатыктырып бир барак кагазды кайра-кайра окуп албаганында болуп жатат. Жүрүнарыга салган тайыз деңгээли, сабаты ченелүү экенин билгизип, бүтүндөй өлкөнүн аброюна көлөкө түшүрүдү. Орус тилин билбесе, ага тили бурулбаса, таза кыргызча сүйлөсө аны жыйындан эч ким кууп чыкпайт эле. Тескерисинче, аброю артмак. Өкүнүчтүүсү, көсөө түрткөнүн койбойт тура.

Дастан Жумабеков илгери жумушка кирээр алдында арыз жаза албай уят болгонун укқан жайыбыз бар. Анда ага анчейин ишенбедик эле. Эми ишендик. Бишкек шаарынын мугалимдери атайын зерикпей анализ кылып, жыйынтык чыгарышты. Төртүнчү класстын окуучусу норматив боюнча бир минутада токсон сөздү окуп, кайра түшүнгөнүн мугалимге айтып бериш керек экен. Ал эми биздин спикер бир минутада токсон сөздү толук окуп бере албаптыр… Мына ушундан улам шайлоого жакын калганда түзүлүп, Баатыр деген жигиттин идеясы менен Москва – Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде чай ичип отуруп партия түзүү идеясы келип, аны Атамбаевге ал жерде телефон аркылуу айтышып, ал макулдугун берип, ошону менен шашылыш түзүлгөн партия ит куугандай жеңишке жетип келгендин натыйжасы же продуктусу дал ушул Дастандар.

Мындай Дастандардын саны азыр он сегиз. Эл кандай партия шайлаарын билбей, алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовдун акчасына алданып он сегиз Дастанды шайлашты. Баары болбосо да теңинен көбү билимсиз. Жазып берген кагазды окуй алышпайт. Анан амбициялары менен деңгээлдери шайкеш келбесе да, асмандагы ай менен күндү алакандарына салып ойногусу келген каадалуу немелер. “Немелер” деп так эле айтышыбыз керек. Партиянын алдыңкы демөөрчүсү соомасы белгисиз абалда, элди, партиялаштарын сыйлабай, филармониянын чоң залында семиз мал тандагансып үч партиялашын шылдыңга алып өттү. Мына ушул сөздөр эле партия келечексиз, олигархтын колундагы саясий курал экенинен кабар берет.

Кыргыз мамлекети социалдык, унитардык мамлекет. Эгер биз “Кыргызстан” партиясынын негиздерин кабыл ала турган болсок, социалдык эмес, олигархиялык топтордун кызыкчылыгын көздөгөн мамлекетке айлануубуз керек. Олигархиялык топтор тутумун түзгөн мамлекетте жалаң таасирдүүлөр менен акчалуулар диктовка кылып, жалпы өлкөнүн, элдин кызыкчылыгы экинчи орунга сүрүлүп, эки чоң катмарга, башкача айтканда бай-кедейге бөлүнгөн теңсиз мамлекет курабыз. Ашынган либерал, капиталист өлкөлөр олигархиялык саясаттын негизи мамлекеттин пайдубалын уратат экен деп, социалдык курулуш түзүүгө жанталаша баштады. Дал ошол социалдык теңсиздик Борбордук Азия эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнө согуш ача турган саясат болуп жатканын эске ала турган болсок, анда “Кыргызстан” сыяктуу олигархиялык топтордон куралган саясий партиялар баштаган көчтүн келечеги кооптуу.

Себеби өзүңүздөр көргөндөй, оозуң кайсы десе мурдун көргөзгөн көчө балдарын депутат кылып, анысы аз келгенсип жалпы парламенттин төрагасы кылып, көшөгөнүн артында өз маселелери менен алектенген олигархиялык саясатта жакшы коом курулбайт. Он сегиз депутаты бар “Кыргызстан” фракциясы жана анын көшөгө артындагы лидери жеке кызыкчылыгы үчүн шайтан менен болсо да биригүүгө даяр экенин акыркы тарых далилдеди. Атамбаевдин амири менен агарып-көгөрүп, 2017-жылкы президенттик шайлоодо ал кездеги фракция лидери Канат Исаев Бабановго чуркап, мыйзам бузуу жолу менен элге акча таратып, жарымы азыркы президентти колдоп, эми болсо баары бүк түшүп азыркы бийликтин алдына жатып бергени эле бул партияга жана анын чабармандарына элдин кызыкчылыгы эмес, мандат кумары жогору экенинен кабар берет.

Айтылуу Шакинин иниси, досу, кудасы, аяшы болуп куралган бул топ ашынган оппозициялык саясий күчтөрдөн да алда канча коркунучтуу, алда канча алдамчы келээрин беш жылда билдик. Болбосо шаардык транспорт бекер, жаңы төрөлгөн балага 50 миң сом сүйүнчү… Мындай алдамчылыкты анча-мынча акыл-эси бар адам даап айта албасын биз жакшы билебиз. Эми болсо дале уялбай шайлоого катышууга кам көрүп жатышканын, булардын элди сыйлабастыгы деп бир бүтүмгө келсек болот.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: